gototop


13.07.2017

Айтназарова Чынара Жүзүмовна

Бул жалганда оюн-күлкү, кубаныч-сүйүнүч менен катар эле кайгы да кошо жүрөт эмеспи. 2017-жылдын 12-июлунда 48 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору Айтназарова Чынара Жүзүмовна узакка созулган оорудан каза болду. .

 

Айтназарова Чынара Жүзүмовна 1969-жылы 29-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1991-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

Окуусун аяктагандан кийин көп жылдар бою өзүнүн кесиби боюнча Талас облусунда иштеген.

2004-жылдын январь айынан тартып КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун Экономика жана финансы башкармалыгынын жетектөөчу адиси, 2006-жылдын июнь айынан тартып башкы адиси болуп иштеп келген.

2011-жылдын августунда финансы бөлүмүнүн башчысы, Экономика жана финансы башкармалыгынын орун басары кызматына которулган. 2012-жылдын октябрь айынан тартып ушул мезгилге чейин КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору кызматын аркалап келген.

Анын өмүрү баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси, иши, жаркылдаган элеси түбөлүк эсибизде сакталат.

Чынара Жүзүмовна адамкерчиликтүү, боорукер, жаркылдаган шайыр, жароокер жан эле.

Чынара Жүзүмовнанын дүйнө салышы үй-бүлөсү үчүн, эмгек жамааты үчүн оор жоготуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун эмгек жамааты ММК фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору Айтназарова Чынара Жүзүмовнанын каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгыларын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.