Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2018-жылдын 7-сентябры № 420 Токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө
ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) - жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

2. ММК фонду өзүнүн иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

3. ММК фонду мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, эл аралык, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет.

4. ММК фонду юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, депозиттик, алыш-бериш жана башка эсептери бар.

2-глава. ММК фондунун максаты жана милдеттери

5. ММК фондунун максаты Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын жүзөгө ашыруунун алкагында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин консолидациялоо аркылуу Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилдеп камсыз кылуу болуп эсептелет.

6. ММК фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана профилактикалык, медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр жарандарга акыйкаттык менен жана тең жеткиликтүү болушуна жетишүү үчүн медициналык жардамдын көлөмүн жана сапатын теңдештирүү шарттарын түзүү;

- Бирдиктүү төлөөчү системасынын жана медициналык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоого арналган финансылык каражаттарды топтоо;

- Бирдиктүү төлөөчү системасынын каражаттарын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну контролдоо;

- медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдө саламаттык сактоо уюмдарына менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү программалардын алкагында бирдей шарттарды түзүү;

- кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоону өркүндөтүү.

3-глава. ММК фондунун функциялары

7. ММК фонду төмөнкү функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды:

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- жарандардын ден соолугун сактоо жана медициналык камсыздандыруу жаатындагы программалардын жана стратегиялардын, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын, ошондой эле амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуу программаларын ишке ашыруу;

- ММК фондунун бюджетине чегерилүүгө тийиш болгон бардык кирешелерди жана башка бюджеттик каражаттардын түшкөнүн топтоо;

- бюджеттик сметаларды бекитүү жана тактоо, отчетторду түзүү жана кабыл алуу жаатында акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар боюнча Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу;

- Бирдиктүү төлөөчү системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу көрөңгөсүн түзүү;

- калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү;

- медициналык камсыздандыруу жаатындагы укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүү;

2) мониторинг жана контролдоо функцияларын:

- Бирдиктүү төлөөчү системасында кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатын контролдоону камсыз кылуу;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатынын индикаторлоруна жана келишимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетинин каражаттарын пайдаланууну контролдоо;

- ММК фонду жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан каражаттардын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланышына ички аудит жүргүзүү;

3) жөнгө салуу функцияларын:

- саламаттык сактоо чөйрөсүндө медициналык жана башка кызмат көрсөтүүгө саламаттык сактоо уюмдары менен келишимдерди түзүү;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштырууга катышуу;

4) кызмат көрсөтүү функцияларын:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана жайылтуу;

5) колдоо көрсөтүү функцияларын:

- медициналык камсыздандыруу системасында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кызмат көрсөтүүчүлөр түзүлгөн келишимдерге ылайык көрсөткөн медициналык жана башка кызматтары үчүн төлөп берүү;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн техникалык жабдууларын жакшыртууга жана медицина жаатында жаңы технологияларды киргизүүгө каражаттарды багыттоо;

- медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын стимулдоо;

- саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү программаларды каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүү.

4-глава. ММК фондунун укуктары жана милдеттери

8. ММК фонду өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы программаларды иштеп чыгууга катышууга, анын ичинде ММК фондунун бюджети толук эмес аткарылганда, аны кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына киргизүүгө;

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын финансылык камсыздоосунун эсебин жыл сайын чыгарууга;

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндө, медициналык камсыздандыруу тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөө механизмдерин өркүндөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча сунуштарды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү үчүн саламаттык сактоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кароосуна киргизүүгө;

- ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун, анын аткарылышы тууралуу жылдык отчетту, ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун саламаттык сактоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү үчүн иштеп чыгууга;

- бюджеттик өтүнмөлөрдү даярдоого жана республикалык бюджеттен ассигнованиелерди алуу үчүн негиздемелерди түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык ассигнованиелерди пайдалануу боюнча отчетторду түзүүгө жана берүүгө;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү жана нускамаларды иштеп чыгууга;

- республикалык бюджеттен ассигнованиелерди, Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн (чегерүүлөрдү), калкка милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин саткандан кийин түшкөн каражаттарды, эл аралык уюмдардан саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн гранттарды алууга;

- медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын индикаторлоруна жетишкендиги үчүн саламаттык сактоо уюмдарын стимулдоого каражаттарды багыттоого;

- каражаттарды саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө, ден соолукту чыңдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо тармагындагы башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн багыттоого;

- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоого;

- келишимдик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык санкцияларды жана айыптарды салууга;

- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабдууларды, инвентарды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- жарандардын кайрылууларына акысыз ыкчам жооп берүү системасын уюштурууга;

- медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жарандардын канааттануусуна изилдөө жүргүзүүгө;

- медициналык камсыздандыруу системасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актыларды чыгарууга;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультациялык, басма, окутуу жана башка иштин түрлөрүн жүргүзүүгө;

- ММК фондунун компетенциясына кирген маселелер боюнча семинарларды, кеңешмелерди, конференцияларды өткөрүүгө;

- Бирдиктүү төлөөчү системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча келишимдик негизде тышкы жана ички эксперт-консультанттарды ишке тартууга;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну ишке ашырууга;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууга.

9. ММК фонду төмөнкүлөргө милдеттүү:

- бекитилген бюджеттин чегинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызматтарга төлөп берүүгө;

- жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карап чыгууга:

- ММК фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, аларды өзүнүн расмий сайтында жарыялоого;

- мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоону, жашырындык режимин камсыз кылууну эске алуу менен, бекитилгенден кийин 15 күндүн ичинде төмөнкү документтерди өзүнүн расмий сайтында белгиленген тартипте жайгаштырууга:

1) бюджеттин долбоорун;

2) бюджет жөнүндө мыйзамды;

3) бюджеттин аткарылышына жарым жылдык сереп салууну;

4) ММК фондунун бюджетин аткаруу тууралуу жылдык бекитилген отчетту;

5) бюджетти аткаруу тууралуу айлык отчетторду.

5-глава. ММК фондунун каражаттары

10. ММК фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) республикалык бюджеттен базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга алынган каражаттардан;

2) милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн;

3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатуудан түшкөн каражаттардан;

4) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жарандардын айрым категорияларынын милдеттүү медициналык камсыздандыруусуна камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттардан;

5) соттун чечимин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн республикалык бюджеттен алынган каражаттардан;

6) белгиленген тартипте өндүрүп алынган, келишимдик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн финансылык санкцияларды салуудан;

7) административдик жана кылмыш жоопкерчилигин чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттардан, анын ичинде соттун чечими боюнча зыяндын ордун толтуруу суммалары;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ММК фондунун бюджетинин каражаттарын мыйзамсыз же максатсыз колдонуунун натыйжасында өндүрүп алынган каражаттардан;

9) милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес же толук эмес которуу үчүн чегерилген туумдар жана айыптар;

10) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

11) кайрымдуулук фонддордон, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк жарандардан келип түшкөн каражаттардан;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.

11. ММК фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

2) дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуу программаларын каржылоого;

3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоого;

4) бекитилген бюджеттин чегинде максаттуу иш-чараларга каражаттарды багыттоо аркылуу Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга жана финансылык тобокелдиктерин азайтууга;

5) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык жабдууларын жакшыртууга жана медицина жаатындагы жаңы технологияларды киргизүүгө;

6) ММК фондунун камсыздандыруу көрөңгөсүн толуктоого;

7) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин кассалык аткарылышын маалыматтык-коммуникациялык тейлөө боюнча кызматтар үчүн төлөөгө;

8) банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;

9) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин бланктарын бастырып чыгарууга;

10) медициналык камсыздандыруу жаатындагы эл аралык кызматташууга;

11) максаттуу программаларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча башка иш-чараларды жана төлөмдөрдү аткарууга.

6-глава. ММК фондунун бюджети, отчету жана аудити

12. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүүнүн базалык ченемдери ММК фонду тарабынан иштелип чыгат жана Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.

13. ММК фондунун бюджетин аткаруу жөнүндө отчет Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте бекитилет.

14. ММК фондунун ишинин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

7-глава. ММК фондунун ишин уюштуруу

15. ММК фонду өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде уюштурат жана ишке ашырат.

16. ММК фондун төрага жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

17. ММК фондунун төрагасы:

- ММК фондуна жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;

- ММК фондунун Директорлор кеңешин жетектейт жана анын ишин уюштурат;

- ММК фондунун атынан аракеттенет;

- мамлекеттик органдар, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар менен мамиле түзүүдө ММК фондунун кызыкчылыгын көздөйт;

- биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарын негизги тескөөчү болуп саналат;

- ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын түзүмүн бекитет, аны ММК фондунун милдеттери жана функциялары өзгөргөндө гана өзгөртүүгө мүмкүн. Мында төраганын кызматка дайындалышы ММК фондунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

- ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын штаттык ырааттамасын бекитет;

- ММК фондунун төрагасынын сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басарлары бар;

- ММК фондунун төрагасынын орун басарларынын, кызматкерлеринин иш милдеттерин аныктайт;

- ММК фондунун борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, ошондой эле аталган кызматкерлерге тартиптик жаза салат же аларды сыйлайт;

- ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетторду бекитет;

- ММК фондунун кызматкерлери жана бардык түзүмдөрү милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат, буйрутма жана көрсөтмө берет;

- ММК фондунун регламентин жана ички тартибин бекитет;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле белгиленген тартипте аларды мамлекеттик жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;

- Директорлор кеңешинин жыйындарынын протоколдоруна, чечимдерине, ошондой эле ММК фонду менен түзүлгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коет.

18. ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

19. ММК фондусунда Директорлор кеңеши түзүлөт, бул кеңеш ММК фондунун коллегиялык, консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп эсептелет. Директорлор кеңеши ММК фондунун төрагасы бекиткен жобонун негизинде иш жүргүзөт.

20. ММК фондунун Директорлор кеңеш тогуз кишиден турат. Анын курамына кызматы боюнча ММК фондунун төрагасы, анын орун басарлары кирет. Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү ММК фондунун төрагасы тарабынан ММК фондунун түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлеринен дайындалат.

21. ММК фондунун Директорлор кеңешинин чечимдери ММК фондунун төрагасынын актылары менен жүзөгө ашырылат жана ММК фондунун бардык түзүмдөрү жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

22. ММК фондунун ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультациялык-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.

8-глава. ММК фондунун аймактык башкармалыктары

23. ММК фондунун аймактык башкармалыктары медициналык камсыздандыруу системасындагы мекеме болуп саналат, алар аймактык принцип боюнча түзүлөт жана алар аркылуу ММК фонду Кыргыз Республикасынын региондорунда өзүнүн ишин жүргүзөт.

24. ММК фондунун аймактык башкармалыктары өздөрүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ылайык, түзүлгөн келишимдердин негизинде Бирдиктүү төлөөчү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын аткаруучу органы болуп эсептелет.

25. ММК фондунун аймактык башкармалыктары жөнүндө жоболор ММК фондунун буйругу менен бекитилет.

26. ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулат жана токтотулат.

9-глава. ММК фондун кайра уюштуруу жана ишин токтотуу тартиби

27. ММК фондунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулат жана токтотулат.

28. ММК фондунун ишин жүргүзүүдө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат."