Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Эгерде ооруп калсаңыз, амбулаториялык шартта медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдаланууга укугуңуз бар.

07.07.2022

🔵 Эгерде ооруп калсаңыз, амбулаториялык шартта медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдаланууга укугуңуз бар.

Медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдалануу үчүн негизги шарт – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталышыңыз керек!

🔹Медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетине эмнелер кирет?

✅ дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;

✅ адистин жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр:

кандын жалпы анализи;

зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;

уретралдык мазоктун микроскопиясы;

вагиналдык мазоктун микроскопиясы;

какырык анализи (мазок микроскопиясы);

кандагы кантты аныктоо;

заарадагы кантты аныктоо;

кандагы холестеринди аныктоо;

электрокардиограмма;

✅ дарылоо:

- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;

- иммобилизация;

- медикаментоздук дарылоо дайындоо;

- медициналык инъекцияларды жасоо (венага, булчуңга, тери алдына).

No tags added.