Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Реанимация бөлүмдөрүндө тез медициналык жардам бардык жарандарга бекер көрсөтүлөт

11.10.2022

Медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММК фонду) саламаттыкты сактоо уюмдарына 397,9 миллион сом каржыланды.

2022-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин ММК фонду тарабынан калкка тез жардам көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмдарына 397,9 млн сом каржыланган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 47,8%га көп.

Анын ичинен 137 миллион сомго жакыны Бишкектин, 40 миллион сомдон ашыгы Ош шаарындагы тез жардам унааларына төлөндү.

Ооруканаларда (реанимация бөлүмдөрүндө) шашылыш медициналык жардам бардык жарандарга бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин, анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылынганга чейин акысыз көрсөтүлөрүн эсиңиздерге салабыз.

Абалы турукташтырылгандан кийин, дарылоо үчүн бөлүмгө которулганда, бейтапка пландуу стационардык жардам көрсөтүлгөндөй мамиле кылынат. Мындай учурларда ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо талап кылынбайт.

Бирок кошумча төлөм (сооплата) алуу укугуна, оорунун профилине (терапевтик же хирургиялык) жана көрсөтүлгөн кызматка жараша жүргүзүлөт.

Калкка тез медициналык жардамды ким көрсөтөт:

• тез жардам кызматы (Бишкек жана Ош шаары); • менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары.

Саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жаткан бардык жарандарга кечиктирилгис консультациялык медициналык жардам күнү-түнү жана токтоосуз көрсөтүлөт.

Стационардык дарылоодо зарыл консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн (кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо) кошумча акы алууга жол берилбейт.

☎ Суроолор боюнча саат 9.00-18.00 113 ФОМС ишеним телефонуна чалыңыз, бардык чалуулар акысыз.

No tags added.