Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандарга кайрылуусу

06.10.2022

🔹ММК фонду, Кыргызстанга келген бардык чет өлкөлүк жарандарга кайрылып, биздин республиканын аймагында медициналык жардам алуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисин (ММК Полиси) сатып алып, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна (ҮМБ) же жалпы дарыгерлик практика борборлоруна (ЖДПБ) катталуусу зарыл экендигин билдирет.

Катталуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮМБ) же Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) жашаган жеринен маалымкат, анын ичинде убактылуу маалымкат болсо да тапшыруу зарыл.

ММК Полиси сизге ҮМБ/ЖДПБда каттоодон өтүү укугун жана амбулатордук жана стационардык деңгээлдеги мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетин алуу укугун берет.

Эгерде, сиз ММК Полисин алгандан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же жалпы дарыгерлик практика борборлоруна кайрылсаңыз, сизге кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөт:

✓ Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети, ага дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляциялар кирет; адистин жолдомосу менен негизги лабораториялык изилдөөлөрдүн 11 түрү көрсөтүлөт, диагностикалык изилдөөлөр (ЭКГ) өткөрүлөт

✓ Тез медициналык жардам көрсөтүлөт;

ММК Полиси сизге кошумча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын Кошумча пакетинин алкагында дарыканаларда жеңилдетилген шарттарда дары-дармектерге 50% чейин арзандатууга укук берет.

ММК Полиси жок болгон учурда медициналык кызмат көрсөтүүлөр баалардын Прейскуранты боюнча төлөнөт.

Эгерде сизге ооруканада жатып дарылануу керек болсо, ММК Полиси сизге төмөнкүлөргө укук берет:

✓ Республиканын стационарларында дарыланууну орточо кошумча төлөм менен алуу, ага операция, наркоз, дары-дармек жана медициналык буюмдар (шприц, спирт, кебез, бинт ж.б.), анализ (тизме боюнча) кирет.

ММК Полиси жок болгон учурда төлөм белгиленген тариф боюнча алынат.

ММК полиси канча убакытка берилет жана анын баасы канча?

✓ 6 айга – 9052 сом;

✓ 12 айга - 18105 сом.

ММК Полисин кантип жана кайдан алса болот?

1-кадам: Сизге паспорт, кварталдык, үй комитетинен ушул даректе жашагандыгы тууралуу маалым кат керек.

2-кадам: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн арызды толтуруу (төмөндөгү тизме)

3-кадам: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын ММКнын АБнун кассасына же банкка, же мобилдик - банкингге - электрондук капчыкка

төлөө төлөм үчүн квитанция алыңыз

ММК Полиси качан күчүнө кирет ?

Арыз берилген жана анын наркын төлөгөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде.

​Эскерте кетсек, бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин, бардык жарандарга шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт, анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу.

ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын даректери :

• Бишкек АБ, Бишкек ш., Медеров көч. 42, (0312) 54-87-37, 54-32-31

• Баткен АБ, Баткен ш., Ходжаев көч. 14, (03622) 5-06-40, 5-01-78

• Жалал-Абад АБ, Жалал-Абад ш., Ленин көч. 15, (03722) 2-17-74, 2-02-44

• Иссык-Көл АБ, Каракол ш., 1-май көч. 21, (03922) 5-20-55, 5-67-27

• Нарын АБ, Нарын ш., Шералиев көч. 69, (03522) 5-03-87, 5-56-86

• Ош АБ, Ош ш., Школьная көч., 53, (03222) 5-67-32, 5-66-96

• Талас АБ, Талас ш., Бердике көч. 166, (03422) 5-60-26, 5-68-75

• Чуй АБ, Бишкек ш., А. Суюнбаев көч. 16а, (0312)433307, 433301

Шилтеме:

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси – бул камсыздандыруу статусун жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун берүүчү документ.

No tags added.