Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2023-жылы Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн көбөйтүү калктын социалдык жактан аялуу категориясы үчүн пландаштырылууда

18.11.2022

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылы калктын социалдык аялуу категориясы үчүн, атап айтканда:

*16 жашка чейинки балдар;

*70 жана андан жогорку жаштагы пенсионерлер;

* социалдык жөлөкпул алуучу адамдар;

*мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында расмий катталган жумушсуздар;

*студенттер;

*аскер кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат.

‼1998-жылы (24 жыл мурун) «Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан бери милдеттүү медициналык камсыздандырууга (ММК) республикалык бюджеттен бөлүнгөн 150 сом өлчөмүндөгү төгүмдөр өзгөргөн жок.

Төлөмдөрдүн пландалган көбөйүшүнө байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду учурда калктын жеңилдетилген социалдык аялуу катмары үчүн негизги акысыз медициналык кызматтардын кошумча пакетин иштеп чыгууда.

Тактап айтканда, 16 жашка чейинки балдарга, пенсионерлерге, социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, жумушсуз каттоодо турган жарандарга, студенттерге жана аскер кызматкерлерине Баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде (Жалпы дарыгерлер практикалык борбору/ Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) өткөрүлүүчү лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн 40 пунктуна чейин кеңейтүү пландаштырылууда.

Биринчи кезекте, кошумча каражаттар келип түшкөндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жалпы медициналык практика борборлорун, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун заманбап лабораториялык-диагностикалык жабдуулар, ошондой эле жогоруда аталган лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон реагенттер жана реактивдер менен жабдууга каражат бөлүү пландаштырылууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду калктын муктаждыктарын эске алуу менен аймактар боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте биринчи кезекте лабораторияларды жабдуу үчүн зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзөт.

Жеңилдетилген дары-дармек программаларынын алкагында калктын социалдык аялуу катмары үчүн жеңилдетилген дары-дармектердин тизмесин кеңейтүүда пландаштырылууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте калктын жеңилдетилген катмарына медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында саламаттыкты сактоо тармагына кошумча каржылык түшүүлөрдү аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Өз кезегинде, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, камсыздандырылбаган бардык жарандарды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жана мамлекет тарабынан камсыздандырылган жарандын укуктарын пайдаланууга чакырат.

No tags added.