Мамлекеттик кепилдиктер
«Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы» 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген.
Аталган токтом "Эркин Тоо" газетасынында 2015-жылдын 4-декабрында жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнсаламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен мамлекеттик кепилдиктер программасына 2018-жылдын 29 сентябрынан тартып күчүнө киретурган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:
- Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде акысыз көрсөтүлгөн Диагностикалык иш-чаралардын пункттарынын бири -«дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;» деп конкреттештирилген;
- Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде калыбына келтирүүчү жанафизиотерапевттик жардам алуудагы төлөө шарттары өзгөртүлдү: 1) социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандар бул кызматты кошумча төлөм төлөбөй алышат, 2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм төлөшөт, 3) калктын калган категориясы баалардын Прейскуранты боюнча 100% акы төлөшөт;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы Стационардык-орун алмаштыруучу жардам (же күндүзгү стационарлар) көрсөтүү жөнүндө жаңы пункт менен толукталган. Социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандар күндүзгү стационарлардын шартында жардамды кошумча төлөм төлөбөй алышат, камсыздандырылган жарандар - баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө төлөшөт, калктын калган категориясы баалардын Прейскуранты боюнча 100% кошумча төлөм төлөшөт;
- Стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана консультативдик- диагностикалык бөлүмдөрүндө лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөр үчүн камсыздандырылган жарандар баалардын Прейскуранты боюнча кызматтын наркысын 50 пайызы өлчөмүндө төлөшөт. Жеңилдик алууга укуктуу жарандар изилдөөлөрдү мурункудай эле кошумча төлөм төлөбөй өтө алышат, калктын калган категориясы баалардын Прейскуранты боюнча 100% кошумча төлөм төлөшөт;
- «Социалдык макамы боюнча амбулатордук деңгээлде жана стационарларда бекер медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категорияларынын” I-чи бөлүмүндө “5-жашка чейинки балдар” категориясы “6 жашка чейинки балдарды кошкондо” деп өзгөртүлдү.
- III бөлүм “Амбулаторлук деңгээлде медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктуу жарандардын категориялары” камсыздандырылган жарандардын категориялары менен толукталды: 1) калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар; 2) орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмдөрүнүн 21 жашка чейинки студенттери; 3) аскер кызматчылары;
- Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын сатып алуу шарттары өзгөртүлдү - кошумча тизме боюнча дары каражаттарын сатып алуу дары каражаттарын сатып алууга багытталган каражаттардын жалпы жылдык өлчөмүнүн жана жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесинин он пайызынан ашпоого тийиш.»;
- Айрым ооруларда жеңилдетилген шарттарда дарыкана тармагы аркылуу дарыгердин рецеби негизинде дары каражаттарын берүүнүн нормалары жогорулатылган:
№ |
Оорунун аталышы |
Дары каражатынын аталышы |
1 оорулууга бир жылда берилүүчү норма |
1. |
Терминалдык баскычтагыонкологиялык оорулар |
Кетопрофен, инъекция үчүн ампулалар,таблеткалар |
49000 мг |
Тримеперидини гидрохлорид, инъекция үчүн ампулалар,таблеткалар |
7500 мг |
||
или Морфин гидрохлорид, инъекция үчүн ампулалар,таблеткалар |
5000 мг |
||
или Трамадол, инъекция үчүн ампулалар,таблеткалар |
44000 мг |
||
2. |
Психикалык оорулар (талма, шизофрения, аффективдүү бузулуулар) |
Галоперидол,таблеткалар, инъекция үчүн ампулалар |
3200 мг |
Тригексифенидил, таблеткалар |
1000 мг |
||
Клозапин, таблеткалар, же Хлорпромазин,таблеткалар |
17000 мг |
||
Амитриптилин,таблеткалар |
14500 мг |
||
Клоназепам, таблеткалар |
560 мг |
||
Фенобарбитал,таблеткалар |
38000 мг |
||
или Карбамазепин,таблеткалар |
140000 мг |
||
3. |
Бронхиалдык астма |
Сальбутамол, ингаляция үчүн аэрозоль |
100 мг |
Бекламетазон, ингаляция үчүн аэрозоль |
200 мг взрослым/ 100 мг детям |
||
Преднизолон, таблеткалар |
4100 мг |
Мында, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы оорулуулар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда отчеттук мезгилде финансы каражаттары болсо, келтирилген дары каражаттарын жазып берүүнүн нормалары 2 эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн.
Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат менен камсыз кылуу жөнүндө бул жана башка суроолор боюнча ММК Фондунун 113 Шыр байланыш кыска номерине чалса болот. Бардык чалуулар, анын ичинен уюлдук байланыштын бардык операторлоруна акысыз. Квалификациялык адистер толук маалымат берүү менен консультативдик жардам көрсөтүшөт!