​Марал радио жана теле берүүсүндөгү маэк тууралуу

20-11-2017

Марал радио жана теле берүүсүндөгү маэк тууралуу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун адисинин катышуусу менен 2017-жылдын 16- ноябрында «Марал» радиосу жана телеберүүсү аркылуу «Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана жарандардын медициналык жардам алуудагы укуктары жана жеңилдиктери» тууралуу түз эфирде маэк курушту.

Түз эфир убагында жарандардан түшкөн көптөгөн суроолорго жооп беришти. Жарандардан түшкөн билдирүүлөр бардык медициналык мекемелердин жетекчилерине жеткирилип, айтылган

көйгөйлөрдү чечүү менен катуу көзөмөлгө алуулары керектиги көрсөтүлдү.