​Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

20-6-2017

Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2017-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Эркегулов Ш.Э. жана сапатты экспетизалоо бөлүмүнүн башчысы Дюшеева Э.А. Токмок шаарынын мэриясынын конференц-залында Токмок шаарынын тургундары менен жолуугушу өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекетик кепилдиктер программасынын, анын ичинен кары адамдарыбызга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, 5 жашка чейинки балдарга, кошбойлуу аялдарга, камсыздандырылган жарандарыбызга көрсөтүлүүчү медициналык кызмат жөнүндө айтылып, ММК КП алкагында камсыздандырылган жарандарга жана МКПнын 5 категориядагы оорулуу жарандарыбызга рецепттер менен жеңилдетилген баадагы дарыларды ала тургандыктары түшүндүрүлдү.

Камсыздандырылбаган жарандарыбыздын медициналык жактан кызмат алууда, дарылоодо жеңилдиктерди пайдалануу үчүн биздин ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгынан жана ҮМБ/ҮДТнан 500 сомдук ММК Полистерди алуу менен камсыздандырылган жарандар сыяктуу жеңилдиктерди пайдалана тургандыктарын, ишеним телефону, коомдук кабылдама боюнча айтылып, жарандарда медициналык кызмат алууда көйгөйлөр жаралса, суроолор болсо, кайрылуу керектиги айтылды. Жолугушууда суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды.