Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Ысык- Көл аймактык башкармачылыгы.

22-12-2017

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Ысык- Көл аймактык башкармачылыгынын демилгеси менен ноябрь, декабрь айларында Ысык- Көл областында жана Тоң, Түп, Жети-өгүз, Ысык-Көл райондорунда, балыкчы шаарында үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аймактык ооруканалардын жетекчилеринин жана айыл аймактарынын өкмөт башчыларынын, ММК Фондунун Ысык-Көл аймактык башкармачылыгынын кызматкерлеринин катышуусу менен Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү.

Координациялык кещеште райондордун шаарлардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин 9 айдын жыйынтыгы боюнча калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөгү айрым кемчиликтери каралды.

1.Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жарандарды медициналык жактан камсыздандыруу, медициналык полистер менен камсыздоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ( камсыздандырылган жарандар област боюнча 304109 жаран же 68,0% жарандардын саны 446719).

2.Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкмөттүн дары-дармек менен медициналык камсыздандырылган жарандарды амбулаториялык шартта дарылоо жана каралган каражатты өздөштүрүү боюнча.

3. Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын дары-дармек пакетинин негизинде 5 ооруну амбулаториялык шартта дары менен камсыз кылуу, дарылоо, каралган каражаттарды тура өздөштүрүү.

4. Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана ооруканаларда көрсөтүлгөн медициналык кызматты экспертиза жүргүзгөндө табылган кемчиликтерди жою боюнча каралды.

Каралган маселелер боюнча областык, райондук, шаардык Координациялык кеңештер чечим кабыл алышты.