20-6-2017

2017-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Эркегулов Ш.Э. Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын кеңешмесине катышып, сөз сүйлөдү. Кеңешмеге Чүй районунун акими К.С.Апбасов баштаган райондун активтери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчылары, мекеме-уюмдардын, тармактык кызматтардын жетекчилери катышышты. Сапатты экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Дюшеева Э.А. кеңешменин катышуучуларына мамлекеттик кепилдик программасы боюнча медициналык-санитардык жардам алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Жолугушууда суроолор берилип, тиешелүү жооптор берилди.