Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

17-11-2017

2017-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын сапат жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Дюшеева Э.А., экономика бөлүмүнүн башкы адиси Дунганова Г.Б. Жайыл районунун Суусамыр айылынын айыл башчысы, депутаттары жана айыл тургундары менен жолугушу өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекетик кепилдиктер программасынын, анын ичинен кары адамдарыбызга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, 5 жашка чейинки балдарга, кошбойлуу аялдарга, камсыздандырылган жарандарыбызга көрсөтүлүүчү медициналык кызмат жөнүндө айтылып, ММК КП алкагында камсыздандырылган жарандарга жана МКПнын 5 категориядагы оорулуу жарандарыбызга рецепттер менен жеңилдетилген баадагы дарыларды ала тургандыктары түшүндүрүлдү.Камсыздандырылбаган жарандарыбыздын медициналык жактан кызмат алууда, дарылоодо жеңилдиктерди пайдалануу үчүн ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгынан жана ҮМБ/ҮДТнан 500 сомдук ММК Полистерди алуу менен камсыздандырылган жарандар сыяктуу жеңилдиктерди пайдалана тургандыктарын, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган, камсыздандырылбаган аялдардын ММКнын Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, ММК фонду тарабынан акысыз ММК Полиси берилерин, ишеним телефону, коомдук кабылдама боюнча айтылып, жарандарда медициналык кызмат алууда көйгөйлөр жаралса,суроолор болсо, кайрылуу керектиги айтылды. Жолугушууда суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды.