«Ишеним телефону» боюнча 2016-2017-жылдардын салыштырмалуу отчету.

22-1-2018

«Ишеним телефону» боюнча 2016-2017-жылдардын салыштырмалуу отчету.

ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгына 2017-жылга баары болуп жарандардын 363 кайрылуусу катталган. Анын ичинен «Ишеним телефону» аркылуу ооз эки 277 жаран кайрылган, 80 жаран башкармалыкта кабыл алынган жана 6 жаран жазуу түрүндө кайрылган. Ал эми 2016-жылга 360 жарандын кайрылганы катталып, анын ичинен «ишеним телефону» аркылуу ооз эки 278 жаран кайрылган, 72 жаран башкармалыкта кабыл алынган жана 10 жаран жазуу түрүндө кайрылган.

Жалпы кайрылуулар

Ооз эки түрүндө кайрылгандар

Жазуу түрүндө кайрылгандар

Келип кайрылгандар

2016

2017

2016

2017

2016

2017

2016

2017

360

363

278

277

10

6

72

80

Таблицада көрсөтүлгөндөй өткөн жылга салыштырмалуу 2017-жылы жалпы кайрылгандардын саны 3 учурга көбөйгөн. Анын ичинен келип кайрылгандардын саны 8 учурга көбөйгөн, ал эми ооз эки кайрылгандардын саны 1 учурга , жазуу түрүндө кайрылгандар саны 4 учурга азайган.

Жалпы кайрылуулардын себебин анализдегенде:

- консультативдик суроолор боюнча кайрылгандар -274 учурду;

- өтүнүч менен кайрылгандар- 44 учурду(ооруканага жатууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылгандар- 22 учур, адистин консультациясын алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен- 12 учур);

- медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз акча алгандыгы туурасында кайрылгандар -4 учур;

- дары-дармектер менен камсыздоо боюнча кайрылгандар -5 учур;

- ММК полиси менен камсыздоо боюнча кайрылуулар-26 учур;

- башка кайрылуулар-15 учурду түздү.

Ал эми жалпы кайрылгандардын ичинен 2 жаран ооз эки, 3 жаран кат түрүндө жана 1 жаран сайт аркылуу арыз менен кайрылган.

Арыздануунун негизги себептерин төмөнкү түзөт:

- медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз акча алгандыгы туурасында -4;

- медициналык жардамдын сапаты боюнча-1;

- медициналык кызматкерлердин жүрүм-турум этикасы боюнча-1.

Бул арыздар боюнча ССУдын жетекчилерине мүчүлүштүк кетирген медициналык кызматкерлерге карата тийиштүү административдик чара колдонуу боюнча жана ушундай фактыларга кайра жол бербөө үчүн кат жөнөтүлгөн. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан төмөнкүдөй административдик чаралар колдонулду: «Сөгүш»-1; «Эскертүү» -4. Андан сырткары медициналык кызматкерлер тарабынан негизсиз алынган 7866 сом өлчөмүндө акча 3 учурда арыз ээлерине кайтарып берилди.

Калктын маалыматтуулугун жогорулатуу жана алардын саламаттык сактоо тармагында укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылган иш-чаралар.

2017-жылга МКК Фондунун Ош АБнын адистери тарабынан жарандардын саламаттык сактоо жана ММК тармагында маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, жана калкты Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтуу боюнча, ММК программаларын, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.

Сапат экспертизасы бөлүмүнүн адистери тарабынан Араван, Ноокат, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Суу райондордун жана Ош шаарынын тургундары менен 145 жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда Мамлекеттик Кепилдик программасы боюнча камсыздандырылган жарандардын медицина тармагындагы укуктары туурасында кеңири түшүндүрмө берилип, Кыргыз Республикасынын жарандарын амбулаториялык деңгээлде женилдетилген дары-дармектер менен камсыздандыруу, оорукана деңгээлинде кошумча төлөм, анын өлчөмү, ММК полиси жана кош бойлуу аялдарга акысыз берилүүчү ММК Полиси жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Араван, Алай, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун аймактык ооруканалардын, ҮМБ/ ҮДТнун жана Ош шаарынын ҮМБ/ҮДТнун медициналык кызматкерлери менен баары болуп 110 жолугушуу өткөрүлдү.

Андан сырткары 12 теле берүүлөр Ош ТВ, ЭлТР, Ош Пирим телеканалдарынан даярдалды. Теле берүүлөрдө КРнын жарандарынын мамлекеттик кепилдик программасы боюнча амбулаториялык жана стационардык денгээлде медициналык-санитардык жардам алуудагы укуктары, амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун жана кошумча төлөмдүн, мүмүкүнчүлүгү чектелген жарандарды амбулаториялык деңгээлде тейлөөнүн ыкмалары жана алардын амбулаториялык деңгээлде дары-дармектер менен камсыздандыруудагы укуктары боюнча ММК Фондунун Ош АБнын адистери эфирге чыгып жана телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле «Ош жаңырыгы» - 5 макала, «Ош шамы»-4, «Эмгек майданы» - 1 макала, «Достук» -2 макала «Ноокат таңы» - 1 макала, «Ачык сөз»-1 макала, «Өзгөн нуру»-1, «Мезгил үнү»-1 ,Республикалык көп тармактуу «Жетиген» коомдук журналына- 1, «Ош-парк»-1 макала жарыяланды. «Жарандарга меджардам кол жетерлик болууда», «Калктын маалымдуулугу жогорулады», «Калкка кызмат кылуу-сыймактуу», «Сиз буларды билесизби?», «КР жарандарынынг медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча МКПнын шарттары жөнүндө», «Медициналык жардам жөнүндө», «Жарандарды дары-каражаттары менен камсыздоо тартиби» ж. б. «Милдеттүү медициналык камсыздандырууга ким укуктуу?» «Ден-соолукту сактоодо укуктук маалымат кеңейди», «Эгерде ооруп калсаңыз…», « Кош бойлуу аялдардын укуктары», «Мамалекеттик кепилдиктер программасы» деген темадагы макалалар жарык көрдү.

«Ынтымак» КРТРТсынын «Транзит 106.1», «Ачык эшик» аттуу радио программасында ММК Фондунун Ош АБнын адистери 12 жолу эфирге чыгып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде социалдык статусу боюнча жеңилдиктерге ээ жарандардын медицина тармагында укуктары туурасында кеңири маалымат беришти, радио угуучулардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Ош аймактык ММК Фондунун адистери бейөкмөт уюмдар менен чогуу иш алып барышып жана алар уюштурган семинарларга активтүү катышып турушат.