международный женский день 8 марта

7-3-2019

« Айымдарга ыр десте »

Аялзаты кандай сонун керемет!

Ушул аял адамзатка өмүр берет.

Эне – ыйык, эне – асыл экенин,

Булжашоодо ар бир инсан жакшы билет.

Жаз жаңырып, бүгүн майрам күн болду,

Кар алдынан байчечекей ойгонду…

Табигат да бул майрамды туйгандай,

Тентек шамал беттен сылап ойноду.

ФОМСто иштейт айымдардын мыктысы,

Ишин билген, ар нерсеге шыктуусу

Саламаттык сактоо жаатын аркалап,

Арада бар Министр да чыкчусу.

Айтып өтсөк орун басар – Калиман,

Ак үй жакта иштеп эже таанылган.

Эми болсо баарыбызды жетектеп,

Ишти билип, дайым дыкат караган.

Жыпар айым дайым жыпар жыттанат,

Басып өтсө жыпар жыттуу из калат.

Алтын балык багып эже офисте,

Каалагандай 3 каалооңду аткарат.

Гүлжан айым доппакетти эсептеп,

Аптекалар күтөт ПЛАНды берет деп.

Өз ишине өтө так бул эжеке,

Рецептерди эже турат ирээттеп.

Мира эже Нарын ФОМСтон келдиңиз,

Мира болуп, элге тынчтык бердиңиз.

Орусчадан которсок биз атыңыз,

Тынчтык нурун кенен-кенен септиңиз!

Айнура эже бизде күчтүү дарыгер,

Сыркоолосок эже бизге дары бер.

Кан басымды эже берет текшерип,

Кайрыл сөзсүз, ооруп калсаң сен эгер!

Болотайым дайым жүрөт жайдары,

Каакым сымал гүлүн ачкан майдагы.

Маанайыңды көтөрсө бул эжеке,

Коштойт аны асмандагы ай дагы.

Ханзаада айым, Хан-бийкедей жомокто,

Ишке чыкты, 1 жыл жүрүп “конокто”,

Наристеси кичинекей Раяна,

Келечекте Хан-Айым ал болот го!

Валерия айым кат-кабарды көп жазат,

Этаждарда атыр аңкып көп басат.

Сыртка кетчү бардык катты текшерип,

Эжекебиз юристтерди башкарат.

Калича айым сатып-алуу иш кылган,

Мыйзам сыйлап, иштегенди жактырган.

Калиса бар ак-маралдай созулуп,

Марал сымал тепкичтерден бастырган.

Гульмира айым каржы жагын башкарат,

Смета берип, керек болсо штраф салат.

Бүт аймакка бөлүштүрүп акчаны,

Жумуш күнү иш кагаздан башталат.

Наргис айым ак-куу сымал назданат,

Асмандагы жылдыз сымал ал жанат.

Созолонуп абдан наздуу сүйлөсө,

Эжекеме нечен мырза суктанат.

Роза айым абдан сүрдүү көрүнөт,

Жини келсе айкырып ал сөгүнөт.

Дастарконду мыкты жасап эжекем,

Муну менен көпчүлүктөн бөлүнөт.

Гүлзат айым кумурскадай кыбырап,

Иштеп жүрөт эки буту тыбырап.

Кат жазганда Ак-үй жакка бул айым,

Дайым келет кеңеш сурап шыбырап.

Мээрим айым жаңы чыгып жумушка,

Кат кабарды алып жатат жумушта.

Контрол кылып, кириш-чыгыш кат каттап,

Убагында жаптыр катты, унутпа!

Нүргүл айым биздин келип катарга,

Кезек келди эже сизди мактаарга.

Стратегия, сапат жагын текшерип,

Чыгат экен эжекем иш сапарга.

Жылдыз айым мыкты адис көрүнөт,

Жылдыз сымал көпчүлүктөн бөлүнөт.

Жылдыз болуп асмандагы нур чачса,

Бүт айлана жарык нурга чөмүлөт.

Гульнара айым догдурларда отурат,

Документти иш процессте болтурат.

Баш көтөрбөй эмгектенип эжекем,

Наздуу сүйлөп, индикатор толтурат.

Айнара айым эмгектенет врачтарда,

Йога жасайт, кеңеш айтып врачтарга.

Метеорит курамында самын деп,

Кээде сатат ал самынды жаштарга.

Чүйдөн келди чүйлүк эже Эркингүл,

Көнүп жатат бизге айым Эркингүл.

Жаз майрамда биз куттуктап эжеке,

Куттук айтып бердик Сизге бизден гүл.

Замира айым бизде иштеп отурат,

Тапшырма алып, көп нерсени толтурат.

Аман-эсен бул айымыбыз көз жарып,

Буюрса ал кубанычта болтурат !

Сайра эже бизде башкы эсепчи,

Бактыгүл эже мыкты билет эсепти.

Назира айым дайым шаңдуу каткырган,

Айгерим бар юрист жигит жактырган.

Аймира бар аванс отчет караган,

Бактыгүл бар ФМРди санаган.

Асель айым бизге келди Бишкектен,

Айжамал бар узун чачын тараган.

Айша эже буйруктарды которуп,

Кылат ишти кабинетте отуруп.

Тамара эже кадр жагын тейлеген,

Буйрук берет, колду бизге койдуруп.

Лола айым иш үстүндө ар убак,

Каттар келет, кербен сымал ал чубап.

Баарын сорттоп, ар адиске таратып,

Эс алууга таппайт экен эч убак ...

Наргиз айым жетекчиге жардамчы,

Айзат кыз бар, секретарша карачы.

Клара айым документти ирээттеп,

Архив жакты “КҮЗГҮ” кылды карачы!

Программистте иштейт айым Жүрсүнай,

Күнү-түнү иштейт эже талыкпай,

Дарыланган учурду ал Базадан,

Дыкат карайт, ишин кылып чарчабай.

Асель айым биздин сайтты иштетет,

Кассалык план сайтка дайым киргизет.

Нуржан айым болуп ага жардамчы,

Иштен күндө үйгө эрте эле кетет...

Айсулуу эже ИШЕНИМДЕ отурат,

Тынбай сүйлөп, журналдарды толтурат.

Гульнара айым, Сейил айым иштешип,

113-тү иш процессте болтурат.

Мына ушундай айымдар бар – биз барбыз!

Ачык асман, чың ден – соолук каалайбыз!

Иште коштоп ар убакта ийгилик,

Биз Сиздерди сүйөбүз да, баалайбыз!

Бар болгула биздин сулуу айымдар!

Куттуу болсун 8 – март майрамыңар!

Ар бир үйдө өмүр шамы өчпөсүн,

Ар убакта ачык болсун асманыңар!

Автор: Кадыркулов Р.

Сиздерди терең урматтап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мырзалары !!!

2019-жылдын 8-марты