Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
2 марта

Всего: 

86319

Новые случаи: 

57 Выздоровели: 83329

Умерли:

1467 



Ат-Башы айылында гемодиализ бөлүмү жаңы ачылды

22-2-2021

Ат-Башы айылында гемодиализ бөлүмү жаңы ачылды.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунда, Ат- Башы айлында“Диа-парк” мүмкүнчүлүгү чектелген коом тарабынан өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5 стадиясы менен ооруган оорулуулар үчүн 6 орундуу“Гемодиализ” бөлүмү ачылды. Бөлүм гемодиализге муктаж болгон ооруларды кабыл алат.

8-февралда 2021 ж “Диа-парк” ЖЧК менен ММК Фондуну Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан келишим түзүлдү. Бүгүнкү күнү гемодиализ бөлүмү өзүнүн иши баштады.Оорулуулар менчикгемодиализ бөлүмүндө дарыланып жаткандыгынакарабастан, гемодиализ кызматы бекер жүргүзүлөт. Ар бир сеанс үчүн 4700 сомММК Фонду тарабынан каржыланат.

Нарыноблустук бириктирилген ооруканасында26 оорулууга гемодиализ бөлүмү кызмат көрсөтүп келишкен.Оорулуулардын Ат-Башыдан ар бир айда 12 жолудан Нарын шаарына келип кетиши кыйынчылыктыты туудурчу. Эми жеринде бул ооруларга гемодиализ бөлүмүнөн жардам көрсөтүлөт.

Ат-Башыдагы гемодиализ жүргүзө турган бөлүмгө атайын түзүлгөн комиссиянын курамы менен КР ССМ не караштуу «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» гемодиализ бөлүмүнүн башчысы ТуганбаевН.А. ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын сапатты экспертизалоо бөлүмүнүнбашкы адиси Жумашева Д.Ш., ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын малыматты камсыздоо секторунун башчысы Мукаш у. Р. НОБОнуналдындагы гемодиализ бөлүмүнүн башчысы Дыйканбаев Ж.Дкатышуулары менен жеринде гемодиализ бөлүмүнүн шарты, дары-дармектердин коругу менен таанышып канчалык денгээлде элге жардам көрсөтө ала тургандыгына баа берилди.

Эгерде медицинага байланышкансуроолорунар же сунуштарыныздар болсо “Ыкчам байланыш 113 “ телефонуна чалсаныздар болот.