Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
12 апреля

Всего: 

90227

Новые случаи: 

208 Выздоровели: 85941

Умерли:

1520 





Иш кагаздарын жүргүзүү тартиби боюнча семинар

1-4-2021

2021-жылдын 29-мартында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгында «Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү тартиби боюнча түп нускаманын негизги талаптары» деген темада семинар болуп өттү. Семинарга ММК Фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору У.С.Эмилбаев жана жооптуу кызматкерлер катышышты.

Семинарды Талас облустук мамлекеттик архиви тарабынан уюштурулуп, ага директордун орун басары Н.К.Кушубекова жана документтерди кабылалууэкспертиза жүргүзүү жана тармактагы архивтер менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Б.Б.Кулматова катышты.

Семинардын жүрүшүндө архив кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 - мартындагы№ 120-токтому менен бекитилген,Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык башкаруу документтерин даярдоо жана тариздөө, документтин бланкы, уюштуруу-тескөө документтердин айрым түрлөрүн даярдоо жана тариздөө, документтер менен иштөөнү уюштуруу жана электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды беришти.

ММК Фондунун Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери иш кагаздарын арып баруубоюнча тиешелүү суроолорун беришип, жоопторун алышты.