Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
12 апреля

Всего: 

90227

Новые случаи: 

208 Выздоровели: 85941

Умерли:

1520 





2021-жылга милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисинин баасы бекитилди.

1-4-2021

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2021-жылдын 18-мартындагы № 306 буйругу менен, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн адамдар үчүн 2021-жылга карата ММК Полисинин наркы бекитилген.

Атап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн, 12 календарлык айга жарактуу ММК Полисинин наркы -1286 сомду түздү;

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, 6 календарлык айга жарактуу MМК полисинин наркы -7826 сомду түзгөн, 12 календарлык айга жарактуу полисинин наркы 15 652 сомду тузөт

Кыргыз Республикасында ММК тутумуна кирбеген жеке адамдар, ошондой эле белгилүү категориянын пайдасына ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин сатып алган юридикалык жактар ММК Полисине кайрыла алышат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды женилдетилген шарттарда алууга укук берет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисин кантип берүү керек (арыз ээсине же анын өкүлүнө) ?

  • Электрондук арызды толтуруу үчүн Милдеттүү Медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгына же саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылуу менен
  • Төмөнкү документтерди тапшырыңыз:

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт, (ID-карта)

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат күбөлүгү жана паспорту.

3. Полис наркын төлөө төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүңүз: -

-саламаттык сактоо уюмунун кассасы, ММК фондунун кассасы

- банк

- интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук капчыктар жана башка төлөм тутумдары аркылуу накталай эмес түрдө.

ММК Полисинин колдонуу мөөнөтү жана камсыздандыруу статусун берүү арыз берилген күндөн тартып 5 күндөн кийин башталат жана төмөнкүлөргө жарактуу:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 12 календардык ай ;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 6 же 12 календардык ай.

Эгерде өтө зарыл болсо, жарандын талабы боюнча, аймактык фонд бөлүмү бир жумушчу күндүн ичинде кагаз жүзүндө даярдап, жаранга берет.

Ошондой эле, MМК Полисин алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Амбулаториялык шартта ҮДТ / ҮМБ / ЖДПБ, милдеттүү медициналык камсыздандырууда камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга ММК Полиси акысыз берилээрин эскертебиз.

Кош бойлуу аялга берилген MМК Полиси, медициналык-санитардык жардам деңгээлинде Кошумча Программасынын алкагында дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча жеңилдетилген кызматтарды алууга укук берет.

ММК Полисин алуу боюнча суроолоруңуз болсо, MМК фондунун ишеним телефонуна 113 номерине байланышыңыз. Бардык уюлдук операторлордун чалуулары акысыз.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарлыгы менен 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 "Медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген, "

Тактап айтканда, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисинин (милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси) баасын эсептөө методикасы өзгөртүлдү. ММК Полисинин наркы жыл сайын ушул методикага ылайык эсептелет.