Руководство




Калыков Акылбек Момунтаевич

1967-жылдын 7-сентябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи Май айылында туулган. Билими жогорку экономикалык, 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча аяктап, «Экономист» квалификациясы ыйгарылган.

Эмгек ишмердүүлүгү

1984-1985

Кара-Кулжа районундагы Токтогул Сатылганов атындагы мектептин физика-математика кабинетинин лаборанты.

1987-1988

М.Фрунзе атындагы завод, штамптоочу;

1994-1996

Курулуш башкармалыгы, экономист;

1998-2008

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын жетектөөчү адиси, башкы адиси, эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2008-2012

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Экономика жана финансы саясаты башкармалыгынын эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы;

04.2012-06.2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги.

2012-2013

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2013-жылдан 6-июлунан тартып бүгүнкү күнгө чейин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары.