Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгы гемодиализ кызматын көрсөтүүчү “Сенин клиникаң” ЖЧК менен келишим түздү.

03.08.2021

2021-жылдын 3-августунда ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгы гемодиализ кызматын көрсөтүүчү “Сенин клиникаң” ЖЧК менен келишим түздү. Гемодиализ борбору Кара-Балта шаары, Т.Кожомбердиев көчөсү, 56 дарегинде жайгашкан.

Келишимге ылайык, “Сенин клиникаң” ЖЧК бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган оорулууларга кошумча төлөм албастан, акысыз гемодиализ кызматын көрсөтөт.

Бюджеттик программалык гемодиализ кызматын алган оорулуулар гемодиализ кызматын көрсөткөн саламаттык сактоо мекемесин жайгашкан жерине жана менчиктин түрүнө карабай өзү тандоого укуктуу.

Бөйрөктүн өнөкөт оорусун дарылоо жана байкоо боюнча оорулуулар катталган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борбору/үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылыш керек.

Эгер Сизде сурооңуз болсо, же медициналык кызмат алууда укугуңуз бузулса, ММК Фондунун 113 “Ыкчам байланыш” телефонуна кайрылыңыз. Чалуу бардык мобилдик операторлордон акысыз. Кошумча маалыматты интернеттеги http//www.foms.kg сайтыбыздан алсаңыз болот.

No tags added.