Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Сапарбаев Кубатбек Торобаевич ММК фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору болуп дайындалды

12.06.2023

Сапарбаев Кубатбек Торобаевич Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору болуп дайындалды.

Резюме:

Туулган күнү жана жери: 13-сентябрь 1980-жылы Баткен районунун Көк-Таш айылы.

Билими:

2002-жылы Ош Мамлекеттик университетинин «Философия жана башкаруу технологиялары» факультетинин «Социалык иштер жана башкаруу» адистигин алган;

2011-жылы Баткен Мамлекеттик университетинин КИТЕП институтунун «финансы жана кредит» факультетин аяктап «экономист» адистигин алган.

Эмгек ишмердуулугу:

2003-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Баткен облустук башкармалыгынын КРО бөлүмүндө жетектөөчү адис;

2004-2005-жылдары киреше болумундо жетектөөчү адис;

2005-2008-жылдын апрель айына чейин персонификациялык эсеп бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Баткен райондук бөлүмүнүн персонификациялык эсеп бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылдан ММК Фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын экономикалык талдоо жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенүүдө.

Алган сыйлыктары:

- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун отличниги» төш белгиси;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ардак грамотасы, Баткен областтык башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

No tags added.