Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

ММКФ балдардын жана абитуриенттердин медициналык кароодон өтүү тартибин эскертет

18.08.2025

Жаңы окуу жылына даярдык көрүү мезгилинде көпчүлүк ата-энелер балдарын бала бакчага, мектепке же жогорку/орто окуу жайына кабыл алуу үчүн медициналык кароодон өткөрүшөт.

Мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жарандардын медициналык кароодон өтүү жана төлөө тартибине көңүл бурат:

⚡Бала бакчага жана мектептин биринчи классына баруучу балдар медициналык кароодон бекер өтүшөт, анткени алар камсыздандырылган категориясына кирет. Өзгөчө учур — рентгенография (көрсөтмө боюнча), бул изилдөө медициналык уюмдун кассасына 50% жеңилдик менен төлөнөт.

⚡Мектепти бүтүргөн, бирок студент статусун ала элек бүтүрүүчүлөр жогорку же орто окуу жайына тапшыруу үчүн №086 форма боюнча медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү. Бул учурда кызматтар өз алдынча медициналык уюмдун кассасына төлөнөт, анткени алар камсыздандырылган жарандар статусуна ээ эмес.

❗Маанилүү
Медициналык кароодон өтүү үчүн жарандар үй-бүлөлүк дарыгерге үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) же жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) тиркелген болушу зарыл.

ММКФ эскертет:
медициналык кароодон өтүү — билим берүү мекемелерине кабыл алууда милдеттүү шарт.
Жарандарга керектүү документтердин тизмесин, медициналык жыйынтыктын формасын жана төлөм тартибин алдын ала тактоо үчүн медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайбыз.

❓Суроолоруңуз калдыбы?
☎ММКФнын 113 телефону боюнча күнү-түнү иштеген акысыз байланыш борборуна чалыңыз. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз

No tags added.