Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кош бойлуу аялдарды кош бойлуулукка байланышпаган оорулар боюнча ооруканага жаткыруу эрежелери

02.02.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүү тартиби, ошондой эле профилдик стационарларга жаткырылганда кошумча төлөмдү төлөө эрежелери тууралуу эскертет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык стационарга жаткыруунун эки түрүн айырмалоо маанилүү:

1. Кош бойлуулук менен байланышпаган ооруканага жаткыруу

Эгер кош бойлуулукка, төрөткө же алардын өтүшүп кетишине түздөн-түз байланышпаган ооруну (хирургиялык, терапевтикалык, жугуштуу жана башка патологиялар) дарылоого муктаж болсо, ал орточо деңгээлдеги кошумча төлөө менен тиешелүү профилдик стационарга жаткырылат.

Кош бойлуулук менен байланышпаган ооруларга төмөнкүлөр кирет, анын ичинде:
курч аппендицит;
стационардык дарылоону талап кылган жаракаттар;
дем алуу органдарынын оорулары (анын ичинде пневмония);
ашказан-ичеги трактынын оорулары;
заара-жыныс системасынын оорулары (пиелонефрит, заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы, ж.б.);
жугуштуу оорулар (сасык тумоо, курч ичеги инфекциялары ж.б.).

2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча ооруканага жаткыруу

Кош бойлуулукка, төрөткө жана алардын өтүшүп кетишин дарылоого түздөн-түз байланышкан медициналык жардам кош бойлуу аялдарга акысыз көрсөтүлөт. Бул жардам төрөт үйлөрүн жана жалпы дарыгердик практика борборлорун камтыган жардам көрсөтүүчү мекемелерде гана берилет.

Эмне үчүн өз убагында катталуу маанилүү??

Камсыздандырылган бейтап катары бардык жеңилдиктерди жана укуктарды алуу үчүн кош бойлуу аял Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) үй-бүлөлүк дарыгерге өз убагында каттоого турушу керек. Каттоого алынгандан кийин медициналык кызматкер аялдын маалыматтарын кош бойлулардын базасына киргизет, бул анын камсыздандырылган адам статусун ырастайт. Дал ушул статус болгондо гана кош бойлуулукка байланшпаган ооруларды дарылоодо орточо деңгээлдеги кошумча төлөө колдонулат.

Суроолор дагы барбы? ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз.

 

No tags added.