Балдарга ыкчам жардам: кыска мөөнөттүү болуу бөлүмдөрүнүн 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары
06.02.2026
ММК фонду үчүн балдарга медициналык жардамдардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктарынын бири болуп калууда. Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууну алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикадагы ооруканалардын кыска мөөнөттүү (сутка бою) болуу бөлүмдөрүндө пландуу жана шашылыш түрдө 36 299 бала комплекстүү текшерүүдөн жана дарылануудан өтүштү.
Статистикалык маалыматтар жаш балдардын ата-энелеринин арасында бул форматка өзгөчө талап бар экендигин ырастайт: бейтаптардын жалпы санынан 64%ы 6 жашка чейинки балдарды, анын ичинен 11%ы – бир жашка чейинки ымыркайларды түзөт.
Бул бөлүмдөрдүн инфратүзүмү дарыгерлерге баланы кабыл алган учурдан тартып дароо диагностиканы жана дарылоону баштоого мүмкүндүк берип, узакка созулган ооруканада жатуунун зарылдыгын жокко чыгарат. Жардамдын өз убагында жана сапаттуу көрсөтүлүшү сутка бою иштөө графиги, лабораториялык кызматтарга ыкчам жеткиликтүүлүк, заманбап жабдуулар жана зарыл болгон дары-дармектердин толук тизмеси менен камсыз кылынат.
Кыска мөөнөттүү болуу практикасын киргизүү балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө болгон психологиялык жүктү олуттуу азайтат, оорукананын ичинде жугуштуу инфекциялардын пайда болуу тобокелдиктерин минималдаштырат жана курч абалды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө натыйжалуу токтотууга шарт түзүп, андан ары БМСЖ деңгээлинде дарылоо боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк түзөт.
«Бул модель бюджеттик ресурстарды сарамжалдуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берип, оор патологиялар үчүн жана зарыл болгон учурда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн оорукананын потенциалын сактоого шарт түзөт. ММК фонду бул бөлүмдөрдү толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылат, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, медициналык стандарттардын так сакталышын жана жарандардын натыйжалуу жана коопсуз дарыланууга болгон укуктарынын корголушун катуу көзөмөлдөйт.».