Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

ММКФ медициналык процедураларды (ийне саюуларды) алуу тартибин түшүндүрөт

09.02.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына жарандардан кечки убакта эмне үчүн каалаган медициналык уюмга, анын ичинде тез жардам кызматына кайрылып, ийне саюуларды (венага жана булчуңга сайылуучу) алууга болбойт деген суроолор менен кайрылуулар үзгүлтүксүз келип түшүүдө.

Ушуга байланыштуу ММКФ пландуу медициналык жардамдарды көрсөтүү тартиби жөнүндө расмий түшүндүрмөлөрдү берет.

Тез медициналык жардам шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн гана арналган. Тез жардам бригадалары процедуралык кабинеттин функцияларын аткарбайт жана бейтаптын абалы өзгөчө кырдаал менен байланышпаган учурда үй-бүлөлүк дарыгердин дайындоосу боюнча венага же булчуңга сайылуучу ийне саюуларды жүргүзүүгө укуктуу эмес.

Стационарлар (ооруканалар) медициналык жардамды ооруканага жаткырылган бейтаптарга көрсөтөт. Стационарлардын кабыл алуу бөлүмдөрү шашылыш же пландуу түрдө ооруканага жаткырууга муктаж болгон жарандарды кабыл алуу үчүн арналган. Нөөмөттөгү дарыгерлер жана медициналык айымдар (медайым) бул ооруканада дарыланбаган жарандарга медициналык процедураларды, анын ичинде венага жана булчуңга сайылуучу ийне саюуларды жүргүзүүгө укуктуу эмес.

Ошентип, тез медициналык жардамдын жана медициналык уюмдардын аракеттери көрсөтүлгөн учурлар мыйзамдуу болуп эсептелет.

Ошол эле учурда ММКФ Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо (ҮМБ) күндүзгү стационарлар иштейт, мында жарандар тамчылатмаларды жана ийне саюуларды кошо алганда зарыл медициналык процедураларды алышы мүмкүн.

Төмөнкү кызматтарды алуу тартибин эске алуулары маанилүү:

  1. Жаран милдеттүү түрдө Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) катталган болушу жана үй-бүлөлүк дарыгердин консультациясынан өтүшү керек. Медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда дарыгер дарылоону, анын ичинде ийне саюуларды дайындайт жана бул Борбордун күндүзгү стационарына жолдомо берет.
  2.  Камсыздандырылган жарандар медициналык процедураларды 50% жеңилдик  менен алышат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жок жарандар кызматтардын толук 100% наркын бейтапкананын кассасы аркылуу төлөшөт.
  3. Күндүзгү стационар дары-дармектерди, шприцтерди жана инфузиялык системаларды бербестен кызмат көрсөтөт.

ММКФ жарандарды медициналык уюмдардын белгиленген жумуш эрежелерине түшүнүү менен мамиле кылууга жана дарылоочу дарыгери аркылуу дарылоо процедураларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды алуу тартиби боюнча бардык суроолор боюнча жарандар ММКФнын 113 шыр байланышына кайрылса болот. Чалуулар акысыз.

 

No tags added.