ММК фонду 2025-жылдагы госпиталдаштыруунун жыйынтыгын чыгарды: дарыланган 419 миңден ашуун учур балдарга туура келген
17.02.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2025-жылы ММКФ менен келишим боюнча иштеген республиканын стационарларында 1 млн 165 миң 676 стационардык (госпиталдаштыруу) учурлары катталган. Жалпы медициналык жардамдык көлөмүнүн 36%ы 18 жашка чейинки балдардын үлүшүнө туура келип, бул болжол менен 419 миң госпиталдаштыруу учуруна барабар.
Эскертүү: Ар бир адам стационарда дарыланган сайын, ал өзүнчө бир учур катары эсептелет. Ошондуктан жалпы учурлардын саны ар башка бейтаптардын санын эмес, аяктаган дарылоо циклдеринин жалпы санын чагылдырат.
Медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары:
6 жашка чейинки балдар: Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бул категория толугу менен кошумча төлөөдөн бошотулган. Дарылоо, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана медикаменттер Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесинен акысыз берилет.
18 жашка чейинки балдар: Бул категория үчүн орто деңгээлдеги кошумча төлөө каралган. Сумманын өлчөмү бөлүмдүн профилинен (терапевттик же хирургиялык) жана дарылоо-алдын алуу мекемесинин деңгээлине жараша болот.
Пландуу госпиталдаштыруунун тартиби:
- Катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерден же педиатрдын жолдомосунун болушу.
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү.
Жолдомо жок болгон учурда пландуу дарылануу үчүн медициналык мекеменин кассасына кошумча төлөмдүн максималдуу тарифи боюнча төлөнөт. Тез жардам кызматы аркылуу шашылыш госпиталдаштырууда жолдомо талап кылынбайт, жардам токтоосуз көрсөтүлөт.
Сурамжылоо жана тактоо үчүн ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыздар.