ММК фонду: Энени колдоо мамлекеттик саламаттык сактоо саясатынын артыкчылыгы бойдон калууда
18.03.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын стационарларынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды. ММК фонду менен келишим боюнча иштеген мекемелерде жалпысынан 1 165 676 учур дарыланган, анын ичинен 293 миң 241 учурду кош бойлуу, төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилдеги аялдар түздү.
ММК фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кош бойлуу аялдар жана төрөгөн аялдар үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылган учурдан тартып кош бойлуулук боюнча каттоого алынат жана камсыздандырылган статусту алышат. Статус ыйгарылгандан кийин, алар ооруканага жаткырылганда жана төрөт учурунда кошумча төлөмсүз медициналык кызматтардын толук көлөмүн алууга укуктуу. Дарыланууга, дары-дармектерге (өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген) жана стационарда жатууга байланышкан бардык чыгымдар мекеме тарабынан акысыз берилиши керек.
ММК фонду көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана бейтап аялдардын укуктарынын сакталуусун туруктуу контролдойт, ошондой эле калкты акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдап турат.
Жарандар кызмат көрсөтүүнүн сапаты же Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу боюнча бардык суроолор менен ММК фондунун 113 ишеним телефонуна кайрыла алышат.