Notice: session_start(): ps_files_cleanup_dir: opendir(/var/lib/php/sessions) failed: Permission denied (13) in /var/www/vhosts/foms.kg/httpdocs/index.php on line 100

Warning: Cannot modify header information - headers already sent by (output started at /var/www/vhosts/foms.kg/httpdocs/index.php:100) in /var/www/vhosts/foms.kg/httpdocs/index.php on line 101
Эгерде ооруп калсаңыз, амбулаториялык шартта медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдаланууга укугуңуз бар. :: Фонд обязательного медицинского страхования Кыргызской Республики
Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Эгерде ооруп калсаңыз, амбулаториялык шартта медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдаланууга укугуңуз бар.

07.07.2022

🔵 Эгерде ооруп калсаңыз, амбулаториялык шартта медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдаланууга укугуңуз бар.

Медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетин пайдалануу үчүн негизги шарт – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталышыңыз керек!

🔹Медициналык кызматтардын акысыз базалык пакетине эмнелер кирет?

✅ дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;

✅ адистин жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр:

кандын жалпы анализи;

зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;

уретралдык мазоктун микроскопиясы;

вагиналдык мазоктун микроскопиясы;

какырык анализи (мазок микроскопиясы);

кандагы кантты аныктоо;

заарадагы кантты аныктоо;

кандагы холестеринди аныктоо;

электрокардиограмма;

✅ дарылоо:

- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;

- иммобилизация;

- медикаментоздук дарылоо дайындоо;

- медициналык инъекцияларды жасоо (венага, булчуңга, тери алдына).

No tags added.