Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Мамлекеттик, муниципалдык уюмдардын кызматкерлеринин медициналык кызмат алууда кандай укуктары бар

05.10.2022

🔷 Кыргызстандын мамлекеттик, муниципалдык уюмдарынын ар бир кызматкерине амбулаториялык деңгээлде да, стационардык деңгээлде да мамлекет кепилдеген медициналык кызматтардын пакети берилет.

Бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар алдын алуу текшерүүсүнө, ошондой эле ооруларда амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык кызмат пакетине укуктуу.

📌Жалпы дарыгердик практика борборунда (ЖДПБ) же үй – бүлөлүк медицина борборунда катталуунун болушу маанилүү шарт болуп саналат.

Жалпы медициналык практика борборунда (ЖДПБ) же үй-бүлөлүк медицина борборунда акысыз негизги медициналык топтомго кандай медициналык кызматтар кирет:

дарылоо бөлмөсүндө кабыл алуу, консультация берүү, дарылоону дайындоо, укол салуу;

лабораториялык изилдөөлөрдүн 11 түрүн жүргүзүү (канды, заараны толук анализдөө; кандагы жана заарадагы кантты аныктоо; кандагы холестеролду аныктоо; какырыкты текшерүү; уретралдык жана кындын мазоктору);

кош бойлуу аялдар кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин, дарыгердин жолдомосу болсо, бактериурияга заара анализин тапшыра алышат;

диабет менен ооруган адамдардын канындагы гликатталган гемоглобинди жылына бир жолу аныктоо;

ЭКГ (көрсөткүчтөр боюнча).

🔵Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жарандардын камсыздандырылган категориясына киргендиктен (б. а. иш берүүчү 2% Социалдык фондго которот), аларга 50% арзандатуу мүмкүнчүлүгү берилет:

*бул Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) жүргүзүлүүчү супер-фазалык лабораториялык изилдөөлөр;

 *көрсөтмө болгондо калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардам;

*күндүзгү стационардык процедуралар жана манипуляциялар;

*ММКнын Кошумча программасы боюнча дары-дармектерди сатып алуу (дары-дармектердин тизмеси "дары-дармек каражаттарынын маалымдамасында"көрсөтүлгөн).

Суроолор пайда болгон учурда, дем алыш күндөрүнөн тышкары, ММКФнын 113 ишеним телефонуна 9.00дөн 18.00гө чейин чалыңыз. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

🗓️Кийинки постто стационардык ооруканага жаткырууда жеңилдетилген шарттар жөнүндө сөз кылалы.

#КыргызРеспубликасынынММКФнынукуктары

No tags added.