Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Бишкекте медкызматкерлерге амбулатордук деңгээлде кургак учукту ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн кошумча акы төлөнө баштады.

03.10.2022

🔷 Кургак учуктун 11 учурун ийгиликтүү дарылоо үчүн Бишкектин №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 32 медкызматкери шыктандыруу төлөмдөрүн алышты. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 144 000 сомду түздү.

2017-жылдан тарта Кыргызстандын саламаттыкты сактоосуна USAIDдин жардамы менен кургак учук менен ооругандарды дарылоодо жаңы ыкмалар киргизилүүдө. Алар бейтаптарды кургак учукка каршы ооруканаларда узакка жаткырбастан, жашаган жерине жакын баштапкы медициналык-санитардык жардамдын мекемелеринде амбулатордук шартта дарылоого негизделген. Ага райондук фтизиатр-дарыгерден башка үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери да катышат. Алар үчүн атайын иштелип чыккан каржылык шыктандыруунун негизинде ар бири өз салымына жараша өбөлгөлүүчү төлөмдөрүн алышат.

✅ Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов: «Жалпысынан 2017-2022-ж. кургак учукту амбулатордук деңгээлде ийгиликтүү айыктырылган 7662 учурлар кабыл алынып, жалпы 116 700 мин сом каражаты которулуп берилди. Бул шыктандырууну этап этабы менен Кыргызстандын баардык аймактарына жайылтуу пландаштыруудабыз. Анткени, ал өзүнүн эффективдүүлүгүн жана жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат».

Бүгүнкү күнү амбулатордук шартта кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылык шыктандыруу Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Үй-бүлөлүк дарыгер Абдилатип Апызов да жакындарын сүйүнттү: «Эки орулууну аягына чыгарган үчүн акча алдым. Жакшы акча экен, анткени балам спорт секцияларга барат, ошондо каяктан акча табам деп ойлонгон да жокмун. Өкмөткө рахмат, ушинтип бизди колдоп жатканына – эмгек акыбызды да көтөрүп, анан мындай стимулдарын берип атат».

No tags added.