Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде иштеген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары ММК Полисин са

22.04.2024

Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан ММК Фондунун 113-күнү-түнү шыр байланыш линиясына ММК Полисин сатып алуу жөнүндө чалуулар келип түштуү.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө кирген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Белоруссиянын жана Армениянын Кыргызстанда мыйзамдуу негизде келген жана иштеген жарандары, эгерде алардын иш берүүчүлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө ММК боюнча камсыздандырылган болуп эсептелет. Бул статусту тастыктоо үчүн КР Социалдык фондунан жеке камсыздандыруу эсебинен маалымкат берүү керек. Ошондуктан, алар ММК Полисин сатып алууну талап кылышпайт.

Алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандын жараны катары ММК Полисин 12 календардык айга 1840 сомго сатып алууга укуктуу. Бирок, кош бойлуу аялдар жана 16 жашка чыга элек жарандардын балдары камсыздандырылган деп эсептелет, ошондуктан алар Полис сатып алууга милдеттүү эмес.

Жогоруда аталган жеңилдиктерди алуу үчүн ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына төмөнкүдөй документтерди тапшыруу керек: паспорт, жеке идентификациялык номер, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк, иштеген жеринен маалымкат жана Социалдык фондунан камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымкат.

ММК Фондунун аймактык башкармалыктары жарандын жеке маалыматтарынын конфиденциалдуу сактоо менен келип түшкөн арыздарды "ММК полиси" маалымат базасына бир жумушчу күндүн ичинде киргизет. Полис күчүнө кирет жана камсыздандырылгандык статусун ыйгаруу анын наркы төлөнгөн күндөн тартып 5 (беш) календардык күн өткөндөн кийин башталат.

ММК полиси үчүн төлөм терминалдар, мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК Полисинин наркы 11 910 сомду (12 айга) же 5 955 сомду (6 айга) түзөөрүн эскертебиз.

Суроолор калдыбы?

ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна күнү-түнү чалыңыз. Бардык чалуулар акысыз.

No tags added.