Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

В связи с профилактическими работами у интернет-провайдера, все сервисы Фонда ОМС временно приостановлены. Приносим извинения за неудобства.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!

23.09.2024

Урматту кесиптештер!

Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!

Кыргыз тили – эгемендүү эркин мамлекетибизде элибиздин эркиндигин айгинелеген мамлекеттик тили.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам жасаган.

Мыйзам кабыл алынган күндөн бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар иштер аткарылып келет.

Эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатында мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин!

Майрамыңыздар менен!

ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ

Эне тили болбой, эл болбойт

Ч.Айтматов: “ Мен бул тумушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны мен тилимдин улуу духунан көрөм” деп айткан.

Уюштуруу бөлүмү

No tags added.