Жарандарды пландуу дарылоо үчүн мамлекеттик стационарларга жаткыруу эрежелери
04.10.2024
Анализдин жыйынтыгы жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин жолдомосу бар бейтаптар стационарларга кайра текшерүүсүз кабыл алынат, бул күтүү убактысын кыскартып, медициналык жардамды тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Пландуу стационардык жардам алуу тартиби:
1. Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго катталуу (ҮМБ):
Жашаган жери боюнча ҮМБга кайрылып, ID-картасы менен үй-бүлөлүк дарыгерге катталышат.
2. Үй-бүлөлүк дарыгердин консультациясы жана текшерүүсү:
Бейтаптар пландуу дарылоодон өтүү үчүн көрсөтмөсү менен үй-бүлөлүк медицина борборундагы (ҮМБ) үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышат. Текшерүүдөн жана консультациядан өткөндөн кийин дарыгер акысыз лабораториялык анализдерди тапшырууга жолдомо берет:
- кандын жана зааранын жалпы анализи;
- вирустук гепатитке анализ;
- электрокардиограмма (ЭКГ);
- флюорография (флюорограф жок болуп калса 50% арзандатуусу менен көкүрөк клеткасын рентгенден өткөрсө болот).
3. Госпиталга жолдомо:
Бардык зарыл болгон изилдөөлөр аяктагандан кийин үй-бүлөлүк врач пландык госпиталдаштыруу үчүн жолдомо берет. Стационарга кайрылууда бейтап тарабынан төмөнкүлөр берилиши керек:
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы;
- госпиталга жатуу үчүн жолдомо.
Эгерде бейтап жеңилдетилген категорияга кирсе төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл:
- инсандыгын ырастоочу документтер;
- жеңилдетилген шарттарда медициналык кызматтарды алууга укуктуу экендигин ырастоочу документтер.
Маанилүү:
Эгерде бейтаптын госпиталдаштырууга жолдомосу жок болсо, анда кошумча төлөмдүн максималдуу суммасы төлөнгөндө гана пландуу стационардык жардам көрсөтүлөт. Бул эреже артыкчылыктарга жана камсыздандыруу статусуна карабастан колдонулат.
ММК фонду жарандарды госпиталдаштыруу тартибин сактоого жана бардык зарыл жолдомолорду жана анализдерди өз убагында алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерге алдын ала кайрылууга чакырат.