Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
01.10.2024
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
“Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал”,
“Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.
Бул улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.
Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулууда.
Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.
Бул жашоодогу эң баалуу нерселердин баары: балдардын жана неберелердин чың ден соолугу жана сүйүүсү. Ар бир жаңы күн позитивдүүлүккө толуп, кубаныч, тынчтык жана жайлуулук алып келсин.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жүрө беришиңиздерди каалаймын!
Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!!!
ММКФ торагасы А.К. Муканов