Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген медициналык кызмат пенсия күбөлүгү болгондо гана көрсөтүлөт
12.09.2024
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пенсиялык күбөлүктү көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө пенсия курагындагы жарандарга эскертилет.
Пенсиялык күбөлүгү жок болгон учурда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктер берилбейт.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүгү болгон учурда пенсионерлерге кандай жеңилдиктер кепилденет
1. Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо (ҮМБ):
- Акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр: консультация, изилдөө, дарылоо.
- Акысыз 50гө чейинки лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү.
- Жеңилдетилген дары-дармектерге 50%га чейин арзандатуу.
- Күндүзгү стационарда дары-дармектерди, системаларды, шприцтерди бербестен инъекцияларды, тамчылаткычтарды алууга 50% арзандатуу.
- Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган реабилитациялык жана физиотерапиялык кызмат көрсөтүүлөргө 50%га чейин арзандатуу.
2. Стационарда (ооруканада):
- Ооруканага жаткыруу үчүн, күн сайын кароо, дарылоону дайындоо, кошумча текшерүүлөрдү жана процедураларды (инъекциялар, физиотерапия жана реабилитация) жүргүзүү үчүн, анын ичинде анестезияны кошкондо операция жасоо үчүн минималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмдү (330/430 сом) төлөө – акысыз.
- Кошумча жогорку технологиялык кызматтар бейтап тарабынан төлөнөт.
Жеңилдиктерди алуу үчүн пенсионерлер кандай талаптарды аткаруулары зарыл
** Пенсиялык күбөлүгү болушу керек: пенсионердин статусун ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүгүн көрсөтүүсү зарыл. Ансыз медициналык жардамдын жеңилдетилген шарттары колдонулбайт.
** ҮМБда үй-бүлөлүк дарыгерге жазылуу (жашаган жери боюнча же каалоосу боюнча).
**Үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо алуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын пенсионерлери үчүн гана колдонулаарын эскертебиз.
Күбөлүгү жок болсо эмне кылыш керек
Эгерде пенсиялык күбөлүгү жоголсо же алынбаса, жарандар аны калыбына келтирүү же алуу үчүн социалдык коргоо органдарына кайрылышы керек. Бул медициналык кызмат көрсөтүүлөргө каралган бардык жеңилдиктерди пайдаланууга мүмкүндүк берет.
ММКФ пенсионерлерге жеңилдетилген шарттарда медициналык жардам алуу үчүн бардык зарыл документтерди өз убагында даярдоону сунуштайт.
Өтө маанилүү!
Шашылыш медициналык жардам өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
Суроолор дагы барбы?
ММКФнын 113 номери боюнча күнү-түнү тынымсыз телефонуна чалыңыз. Бардык суроолоруңузга жооп беребиз!