Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Урматтуу кесиптештер, кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсызда

07.11.2024

Урматтуу кесиптештер, кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана жеке өзүмдүн атымдан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын дилимден куттуктайм! Жыл сайын
7-8-ноябрда республикада тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
белгиленет.

Бул даталар кыргыз элинин турмушунда болуп өткөн негизги тарыхый окуяларды эске салат. Биз эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалын түптөгөн ата-бабаларыбыздын жаркын элесине таазим кылабыз. Кыргызстан эркиндик жана көз карандысыздык жолунда көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү жана өз тарыхыбызды билүү менен гана биз туура сабактарды ала алабыз. Ошондуктан, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө кылчайып, келечекке көз чаптырабыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуутарых алдындагы ыйык милдет. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болсун! Кыргызстанга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүшүнө тилектешмин!

No tags added.