Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кыргызстанда төрөөнү пландап жаткан кош бойлуу аялдар үчүн маалымат

11.11.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 113-ишеним телефонуна Кыргызстанда төрөөнү пландап жаткан башка мамлекеттердин кош бойлуу жарандарынан көптөгөн чалуулар болууда. Ушуга байланыштуу ММКФ милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин алдын ала сатып алуу зарылдыгын эскертет.

ММК полисинин болушу кош бойлуу аялдарга Кыргызстандын камсыздандырылган жарандарына окшош шарттарда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, үй-бүлөлүк медицина борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

- кош бойлуулукту каттоо жана иш жүргүзүү;

- «Кош бойлуулуктун жеке картасын» жана «Алмашуу картасын» тариздөө;

- адистер менен консультациялар, базалык (12 түр) жана кошумча анализ (48), ультраүндүү изилдөө (УҮИ);

- күндүзгү стационарда ийне саюу (медикаменттерди, шприцтерди, системдерди бербестен);

- жеңилдетилген дары-дармекке 50%га чейин арзандатуу.

Мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси ооруканага жаткырууну жана төрөткө медициналык колдоо көрсөтүүнү, кесарево жана наркозду кошо алганда, анын ичинде төрөт жана дарылоо үчүн зарыл болгон негизги дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоону камтыйт. Ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк бекер берилет.

Жогоруда аталган жеңилдиктерди алуу үчүн төмөнкүлөрдү билүү маанилүү:

- Калкты тейлөө борборунда (КТБ) ИЖН алууну;

- ММК полисин алууну;

- жашаган жери боюнча паспорту менен үй-бүлөлүк дарыгерге катталууну жана кош бойлуулугу боюнча каттоого турууну.

ММК полисин терминалдар, мобилдик тиркемелер, ошондой эле Кыргызстандын банктары аркылуу алса болот. ММК полисин сатып алган учурдан тартып 5 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана республика боюнча колдонулат.

ММК полиси жок болгон учурда чет өлкөлүк жарандар кош бойлуулукту жана төрөттү кошкондо бардык медициналык кызматтарга чет өлкөлүк жарандар үчүн каралган тарифтер боюнча төлөшөт (КР Өкмөтүнүн «Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө» токтомуна ылайык).

ММК фонду чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанда кош бойлуулуктун жана төрөттүн ыңгайлуу жана коопсуз мезгили үчүн ММК полисин өз убагында тариздөөгө чакырат.

Бардык суроолор боюнча күнү-түнү ММК фондунун 113 ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.