Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММКфондунда Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы боюнча Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясы өтүүдө

12.11.2024

ММКФда төрага Азамат Мукановдун катышуусунда Алгачкы медициналык-санитардык жардамдардын сапатын жогорулатуу программасынын (PforR) иш-чараларын жүзөгө ашырууга багыттаган Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясы өтүп жатат. Миссия Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун, Дүйнөлүк банктын, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы негизги адистердин катышуусундагы бир катар жолугушууларды жана техникалык кеңешмелерди камтыйт.

Жолугушуулардын алкагында өлкөдөгү медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү маселелер талкууланды. Медициналык кызматтардын классификациясын электрондук амбулатордук картага интеграциялоо жана медициналык жардамдын сапатынын көрсөткүчтөрүн чогултуу жана берүү үчүн улуттук электрондук платформаны андан ары өнүктүрүү башкы темалардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде артыкчылыктуу ооруларды камтууну жакшыртуу максатында Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы кайрадан каралып жатат. Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчүлөрдүн ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө механизмин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушууларда мамлекеттик кепилдиктер пакетин (МКП) жаңылоого байланыштуу темалар да көтөрүлдү.

Мындан тышкары, миссиянын алкагында финансылык башкаруунун, сатып алуулардын негизги аспектилери, ошондой эле электрондук саламаттык сактоо платформасын киргизүү аркылуу медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн натыйжалуу түзүмдү түзүү талкууланат. Талкууларда диабет жана төрөткө чейинки жардам темасы да камтылган, анда оорулардын алдын алуу жана дарылоонун сапатын жакшыртуу боюнча чараларды күчөтүү пландаштырылууда.

Бул кадамдар жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу менен өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын олуттуу жакшырышына алып келет деп күтүлүүдө.

No tags added.