Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сарык оорусун эрте аныктоо – баланын ден соолугунун ачкычы

18.11.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жаңы төрөлгөн балдардын ата-энелерин ымыркайдын ден соолугуна төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү жана жумаларда өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы кеңири таралган көйгөйлөрдүн бири сарык жана физиологиялык (нормалдуу) же патологиялык болушу мүмкүн, аны тез арада дарылоону талап кылат.

Сарык оорусун өз убагында аныктоо эмне үчүн маанилүү? 

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сарык оорусу кандагы билирубиндин көбөйүшүнөн пайда болот. Көпчүлүк учурларда ал өзүнөн-өзү кетет, бирок билирубиндин деңгээли көпкө чейин өтө жогору болсо, баланын нерв системасынын өнүгүшүнө таасирин тийгизип, олуттуу кыйынчылыктарга, анын ичинде мээнин бузулушуна алып келиши мүмкүн. 

Сарык оорусун эрте аныктоо дарыгерлерге ымыркайдын ден соолугуна мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алуу үчүн өз убагында чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. 

Ата-энелер эмнени билиши керек?

1. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору (ҮМБ) жаңы төрөлгөн ымыркайларды сарык оорусуна каршы скринингден акысыз өткөрүшөт, бул билирубиндин деңгээлин аныктоого жана сарыктын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет

2. Дарыгердин сунуштарын аткарасыз, атап айтканда, эгерде дарыгер патологиялык сарыкты аныктаса, балага фототерапия же ооруканага жаткыруу сыяктуу акысыз процедуралар дайындалышы мүмкүн

3. Дарыгерге барууну кийинкиге калтырбаңыз, сарык анча билинбесе да, баланын коопсуздугун сактап, медициналык адистен консультация алышыңыз керек

ММКФ жаңы төрөлгөн ымыркайларды сарык оорусуна скринингден өткөрүү Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында бекер жүргүзүлөрүн эскертет. Ал үчүн катталган жериңиздеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууңуз керек.

Алдын алуу – бул сиздин балаңыздын дени сак жашоого болгон биринчи кадамы экендигин унутпаңыз. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жеткиликтүү болгон бардык бекер кызматтардан пайдалануу үчүн ҮМБга кайрылыңыз.

Суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз, бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

Маалымдама: Сарык теринин жана көздүн сары түсү катары пайда болот. Көбүнчү ымыркайдын алгачкы 2-4 күнүндө байкалат. Эгер балаңыздын териси өтө саргайып кетсе, айрыкча курсагында, колдору же буттарында же ымыркай начар болуп, тамакка көңүлү келбей же көп уктаса, дароо дарыгерге кайрылыңыз. 

No tags added.