Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду  милдеттүү жана ыкыярдуу медициналык камсыздандырууну интеграциялоону талкуулады

21.11.2024

Бүгүн 2024-жылдын 21-ноябрында ММК фондунда милдеттүү жана ыкыярдуу медициналык камсыздандырууну интеграциялоо маселелерине арналган экинчи жумушчу топтун  кеңешмеси болуп өттү

Жумушчу топ камсыздандыруунун бул эки түрүнүн кызматташуу механизмин активдүү иштеп чыгууда. Топтун курамына төраганын орун басары С.Э.Исаевдин жетекчилигинде, ошондой эле  ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн алдыңкы жеке камсыздандыруу компанияларынын бири “Сак бол” ЖАКтын өкүлдөрү кирди.  

Жумушчу топтун негизги милдети – милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу моделин түзүү, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет

- камсыздандырылган калктын камтылышын жогорулатуу; 

- медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо; 

- Кыргызстандын жарандарынын арасында камсыздандыруу маданиятын түзүү

Бул багыт республиканын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.  ММКФ тарабынан медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган заманбап ыкмаларын жана чечимдерин ишке ашыруу боюнча  иштери улантылат.

No tags added.