Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кыргызстандын ар бир жашоочусу кант диабетине анализ тапшыра алат

20.11.2024

Кант диабети менен ооруган бейтаптардын саны акыркы 10 жылдын ичинде эки эсеге көбөйдү. Алсак, 2023-жылы Кыргызстанда экинчи типтеги кант диабетинин 84 миң учуру катталды, мындан бул ооруну эрте аныктоо жана алдын алуунун маанилүү экендигин белгилейт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бардык камсыздандырылган жарандарга, медициналык камсыздандыруусу бар экендигине карабастан алдын алуу максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) канга жана заарага кант диабетине акысыз анализ тапшырууга болорун, ошондой эле изилдөө медициналык кызматтардын базалык пакетине кирээрин эскертет.

Эмне үчүн бул өтө маанилүү?

Экинчи типтеги кант диабети менен (ооруган) көбүнчө алгачкы этапта симптомсуз өтөт. Үзгүлтүксүз анализ тапшыруулар аномалияларды өз убагында аныктоого жардам берет жана оорунун күчөп кетишин алдын алат.

Кантип текшерүүдөн өтсө болот?

1. Жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) үй-бүлөлүк дарыгерге ID-карта менен катталыңыз.

2. Акысыз текшерүүдөн өтүп, үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алыңыз.

3. Кандын жана зааранын канттын анализин тапшыруу үчүн жолдомо алыңыз.

4. Анализдерди ҮМБнын алдындагы лабораторияга тапшырыңыз.

Кант диабетинин алдын алуу деген эмнени билдирет?

- Ооруларды эрте аныктоо: канчалык эрте кант диабети же ага болгон жакындыгы аныкталса, дарылоо ошончолук натыйжалуу болот.

- Күчөп кетишин алдын алуу: өз убагындагы диагноз кан тамырлардын, бөйрөктүн жана жүрөктүн бузулушу сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдөн алыс болууга жардам берет.

- Жеткиликтүүлүк: Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында анализдер акысыз жүргүзүлөт.

ММК фонду алдын алуу изилдөөлөрдү көз жаздымда калтырбоону сунуштайт, алар сиздин ден соолугуңузду сактоонун биринчи кадамы болушу мүмкүн.

Суроолор барбы?

☎️ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз – чалуулар акысыз.

Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуңуздарды сактагыла!

No tags added.