Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу
03.12.2024
Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу
“Манас” эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет — 500553 ыр сабынан турат.
Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралып саналат:
“Манас” — 84 830 сап; “Семетей” — 397 775 сап; “Сейтек” — 17 948
“Манас” эпосу — кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгарма эмес. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы.
Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан “Манас, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүнөн турат. “Манас” дастанында кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. “Манас” дастанын айрым эпизоддору 16 кылымында жазылган “Мажму ат-таварих” чыгармасында айтылат.
Жанрдык белгиси боюнча “Манас” – баатырдык эпос. Эпосто кыргыз фольклорунун көптөгөн жанрлары да синтездештирилген, бири-бирине жуурулушуп, эпостун мазмунуна сиңиштирилген. Кошoктордон, насаат ырлардан тартып, санат-насыяттарга, макал-лакаптарга, жөө жомоктордун түрлөрүнөн тартып уламыш, мифтерге чейин эпостон табууга болот.
“Манаска” болгон элдин ушундай өзгөчө мамилесинен улам дүйнөдө теңдешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма түзүлгөн. Манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган эпостун үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500553 сап ыр. Бул көлөм гректердин “Иллиадасын” (15693 сап) менен “Одиссеясын” (12110 сап) бирге кошкондогу (27803 сап ыр) көлөмүнөн 20 эседей көп. “Манастын” ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эң көлөмдүү эпос эсептелип келген инди элдеринин “Махабхаратасынан” (200 000 сап ыр) эки жарым эсе чоң. Бүгүн илимге “Манас” эпосунун түрдүү көлөмдөгү жетимишке жакын варианты белгилүү.
“Манас” эпосу эң оболу кыргыз эли өзгөнү өгөйлөбөгөн өтө кең пейил, меймандос калк экенин кабарлайт. Эпосто Тынч океандан Босфорго чейиңки Евразиянын жүздөгөн жер-суу аттары аталат. Ошол аймакты жердеген уруу, тайпалар тууралуу эскерилет. Мунун баары биздин эл эзелтен эле мына ушул эбегейсиз мейкинди мекендеген эчен бир калайык-калктар менен тыгыз карым-катнашта болуп келгенин күбөлөйт.
Ошондуктан, биз, кыргыздар, ардактуу Чыңгыз Айтматов агайыбыз айткандай, “Ала-Тоо койнунда кылымдан кылымга жашап келген кыргыз баласы бул дүйнө үчүн эмнени берди, адамзаттын өнөрүнө, маданиятына эмнени кошту дегенде, бирден бир жооп – “Манасты” берди дейбиз”.
“Манасты” биз өзүбүздүн бүгүнкү турмушубузга түздөн-түз катышы бар, элди баш коштуруп, эртеңге шыктандырган жана болочокто да урпактан урпакка ошондой боло бере турган өлбөс-өчпөс улуттук улуу рух деп билебиз!
Уюштуруу бөлүмү