Каракол шаарынын мэриясы тарабынан ММК полисин сатуу боюнча планды ашыра аткаргандыгы үчүн “Назик” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызмат
05.12.2024
Каракол шаарынын мэриясынын вице-мэри Гүлназ Орозованын атынан Ысык-Көл облусунун Үй-бүлөлүк медициналык тобунун курамына кирген “Назик” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине акчалай (10 000 сом) сыйлык тапшырылды.
Клиниканын жетекчиси Кендирбаева Гүлнара Жумадыловна жана башкы медайым Батырканова Анара милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин берүү планын ашыра аткаргандыгы белгиленди. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча “Назик” ҮДТ аткаруу планын 113%га жеткизди: пландаштырылган көрсөткүчү 649 полистин ордуна иш жүзүндө 733 полис берилген.
Каракол шаарынын вице-мэри медициналык адистердин ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, алардын калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана облустагы ММК фонду менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга кошкон салымын белгиледи.
Жетишкендиктер ММК фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгы менен тыгыз кызматташуунун аркасында болду, алар олуттуу методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү менен катар калк арасында агартуу иштерин жүргүзүшкөн жана медициналык уюмдарга ММК полистерин берүү боюнча көрсөткүчтөргө жетишүүдө активдүү көмөк көрсөтүшкөн.
ММК фонду куттуктоолорго кошулуу менен катар милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өнүктүрүүгө жана калктын ден соолугун чыңдоого кошкон салымы үчүн Гүлнара Кендирбаева менен Анара Батыркановага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана ишке берилгендигиңиз баарына үлгү болот!