Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кыргыз Республикасынын пенсионерлери камсыздандырылган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттүү эмес

05.12.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) ишеним телефонуна көбүнчө пенсионерлерден жана алардын жакындарынан жөлөкпул алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу зарылдыгы тууралуу суроолор менен кайрылуулар түшөт. ММК фонду Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүктөрү бар пенсионерлер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында (МИС) автоматтык түрдө камсыздандырылган болуп эсептелет жана полис сатып алуунун зарылдыгы жок экендигин билдирет.    

Медициналык кызматтарды алуу үчүн алар ММК полисин сатып алуунун кереги жок, бирок алар үч маанилүү шартты аткарышы керек:

  • үй-бүлөлүк дарыгерге ID-картаңызды берип, жашаган жериңиз боюнча катталуу;
  • Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүктүн болуусу;
  • ооруканага жаткыруу зарылдыгы болгон учурда, өзгөчө кырдаалдардан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу, лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдүн (негизги) натыйжаларынын  болуусу.   

Бирок, эгер пенсиялык күбөлүгү жок болсо, жаран камсыздандырылбаган деп эсептелет жана ММК системасында каралган жеңилдиктер менен пайдалана албай калышы мүмкүн. Мындай учурда 12 айга 1840 сомго ММК полисин сатып алышы керек.

Пенсионерлерге кандай кызматтар жеткиликтүү?

70 жашка чейинки пенсионерлер Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) төмөнкүлөрдү акысыз алышы мүмкүн:

  • адистердин кароосунан жана консультацияларды;
  • эмдөөнү.
  • ийне саюуну (өзүнүн дарысын жана шприцтерин берүү менен).
  • негизги (12 түр) жана кошумча (42 түр) анализдерин жүргүзүүнү.

Жеңилдик шарттарына:

  • 50% арзандатуу физиотерапевттик кызмат көрсөтүүлөргө, реабилитацияга, күндүзгү стационарда медициналык процедураларга, УЗИге, рентгенографияга;
  • жеңилдетилген дарыларга:
    • 90%га чейинбир катар ооруларды дарылоодо (бронхтук астма, эпилепсия, терминалдык стадиядагы онкология ж.б.);
    • 50%га чейинММКФ бекиткен тизмеге ылайык башка ооруларды дарылоодо.

70 жаштан жогору пенсионерлер жогоруда аталган дарыларга кошумча төмөнкүлөргө укуктуу:

  • күндүзгү стационарларда акысыз кызмат көрсөтүүлөргө;
  • акысыз реабилитациялык жана физиотерапевттик жардармдарга.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------

70 жашка чейинки пенсионерлер үчүн мамлекеттик стационарларда (ооруканаларда):

  • пландаштырылган ооруканага жаткырууда минималдуу деңгээлде кошумча төлөө каралган (330 сом — терапевттик профилге, 430 сом — хирургиялык профилге). Бул суммага наркоз берүү менен операцияларды жүргүзүү, лабораториялык жана диагностикалык изилдөө, стационарга жеткиликтүүлүк, ошондой эле физиотерапевттик жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр киргизилген.
  • Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын тизмесине (ЖМКТ) ылайык дары-дармек менен камсыз кылуу.

70 жаштан жогору пенсионерлер үчүн мамлекеттик стационарларда (ооруканаларда):

  • жылына эки жолу акысыз пландаштырылган ооруканага жаткырууга укук берилет. Үчүнчү жана андан кийин ооруканага жаткырууда орточо кошумча төлөөлөр алынат (840 сом — терапевттик профилге, 1160 сом — хирургиялык профилге).
  • ооруканага жаткыруунун алкагында төмөнкүдөй акысыз кызматтар көрсөтүлөт: наркоз берүү менен операцияларды жүргүзүү, лабораториялык жана диагностикалык изилдөө, стационарга жеткиликтүүлүк, ошондой эле физиотерапевттик жана реабилитациялык процедуралар. Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын тизмесине (ЖМКТ) ылайык дары-дармек менен камсыз кылуу.

Өтө маанилүү! Эгер дарыгердин жолдомосу же пенсиялык күбөлүгү жок болсо, максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөөлөр төлөнөт (2024-жылга 8 400–14 310 сом).

Медициналык кызматтардын сапатына байланыштуу суроолорго жана даттанууларга ыкчам жооп берүү үчүн пенсионерлер күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна кайрылса болот, ал жерде адистер аларды кабыл алууга жана кароого даяр.

No tags added.