Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кант диабетинин күчөп кетүүсүн кантип алдын алууга жана аныктоого болот?

20.01.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кант диабети менен ооругандар күчөп кетүүнүн алдын алуу үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алаарын эскертет. Скринингдин алкагында тамандын (диабеттик таман үчүн) жана көздүн (диабеттик ретинопатия үчүн) абалын, ошондой эле гликатталган гемоглобинге кан анализин (жылына бир жолу)  текшерүү жүргүзөт.

Скринингден кантип өтүш керек?
Скринингден өтүш үчүн төмөнкүлөр керек:

  • катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • дарыгердинн кароосунан жана консультация алып, офтальмологдун да кароосунан өтүү;
  • гликатталган гемоглобинге акысыз кан тапшыруу үчүн лабораторияга жолдомо алуу.

Эгерде жолдомосу жок болсо, анда бекитилген баанын прейскурантына ылайык анализ акы төлөө негизинде  тапшырылат.

Эмне үчүн жылына бир жолудан кем эмес гликатталган гемоглобинге анализ тапшыруу өтө маанилүү?


Сиздин кандагы канттын деңгээли акыркы 2-3 айда канчалык натыйжалуу көзөмөлдөнгөнүн көрсөтөт. Гликатталган гемоглобиндин деңгээли канчалык жогору болсо, күчөп кетүү коркунучу ошончолук жогору, алар:

  • диабеттик ретинопатия  жана диабеттик таман.
  • жүрөк-кан тамыр оорулары.
  • бөйрөк патологиялары.

Тынымсыз контролдоо көйгөйлөрдү жана дарылоонун тууралыгын өз убагында аныктоого, күчөп кетүү коркунучун азайтууга жардам берет.

Маалымдама:

Диабеттик ретинопатия бул кандагы канттын деңгээлинин жогорулашынан көздүн торчосунун кан тамырларынын бузулушу менен коштолгон күчөп кетүүлөр. Дарыланбаса, ал көздүн бүдөмүк көрүүсүнө же алтургай сокурдукка алып келиши мүмкүн.

Диабеттик таман — буттун нервдеринин жана кан тамырларынын бузулушунан келип чыккан, толук айыкпай калган жараларга, инфекцияларга жана оор учурларда ампутацияга алып келүүчү күчөп кетүүлөр.

Суроолор барбы?
Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыздар, бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.