Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Хирургия бөлүмдөрүндө ооруканага жаткыруу: медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана төлөмү

24.01.2025

Хирургиялык бөлүмдөргө пландык операциялар үчүн жаткырылган бейтаптар белгиленген кошумча төлөмдү жүргүзүүдө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун  алкагында бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн бошотулат.

Атап айтканда:

  1. Манипуляция, наркоз жана операция.

Ооруканада жаткан бейтаптар бардык процедуралардын, анын ичинде наркоздун жана операциянын өзүнө кошумча төлөшпөйт.

  1. Дары-дармектер жана медициналык буюмдар.

Дарылоо процессинде бейтаптар Жашоонун маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген бардык зарыл болгон дары-дармек каражаттары (ЖМДК) берилет. Жеткиликтүү дары-дармектердин тизмеси менен медициналык кызматкерлерден же бөлүмдөгү маалыматтык такталардан тааныша аласыз. Ошондой эле бардык бардык зарыл болгон медициналык буюмдар, мисалы марли, бинт, шприц, инфузия системасы, башка дарылоо жана операциялар үчүн талап кылынган башка буюмдар берилет. Бул операцияга даярдоого арналган дары-дармектер, ошондой эле операциядан кийинки калыбына келтирүү үчүн да колдонулат.

  1. Лабораториялык жана диагностикалык изилдөө.

Стационарда жүргүзүлгөн бардык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, анын ичинде анализдер, ультраүндүү изилдөө, рентген жана башка процедуралар медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде акысыз жүргүзүлөт.

  1. Менчик клиникаларга жолдомо берүү.

Зарыл медициналык жабдуулар жок болгон учуда же стационарда лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, бейтап диагноз коюу үчүн менчик клиникаларга же лабораторияларга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Өтө маанилүү!
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча акы алынса, анда бөлүмдүн жетекчисине же оорукананын администрациясына кайрылуу керек. Маселе оң чечилбей калган учурда күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына телефон чалууну сунуштайбыз.

No tags added.