Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Ар бир жаран милдетүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) жарактуулук мөөнөтүн текшериши керек

27.01.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) бардык жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) жарактуу мөөнөтүн өз убагында текшерүү зарылдыгын эскертет. Бул иш берүүчү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүүчүлөргө да, ММК полисин өз алдынча сатып алгандарга да тиешелүү.

Акыркы убакта 113 шыр байланышына кайрылгандар көбөйдү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылган же мамлекеттик ооруканаларга пландуу түрдө жаткырылган жарандар камсыздандыруу полисинин мөөнөтү өтүп кеткен көйгөйгө туш болушууда.

ММК фонду шашылыш медициналык жардамдан тышкары, колдонуудагы полиси жок болсо жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүн эместигин баса белгилейт. Ошондуктан, сиздин камсыздандыруу статусуңузду текшерүүнү жана зарыл болсо, алдын ала милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууну сунуштайбыз. Полис төлөгөн учурдан тартып 5 календардык күндөн тартып 12 ай күчүндө болот.

Кошумча финансылык сарптоолорду болтурбоо үчүн Кыргызстандын ар бир тургуну өзүнүн камсыздандыруу статусун каалаган ыңгайлуу жерден текшере алат.

Өзүңүздүн камсыздандыруу статусуңузду кандай текшерсе болот?

  1. foms.kg/ru/status/ сайтындагы өзүңүздүн паспортуңуздагы 14 белгиден турган ИЖН киргизесиз.
  2.  «ММКФ» мобилдик тиркемесин пайдаланасыз.
  3. Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына телефон чаласыз.

Эмне үчүн өзүңүздүн камсыздандыруу статусуңузду билгениңиз өтө маанилүү?
Камсыздандырылган жарандын статусу ММК программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жеңилдетилген дары-дармектерди алууга укук берет.

Суроолор барбы, күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына телефон чалыңыз. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.