Жеке ассистенттер үчүн кандай медициналык кызмат көрсөтүүлөр кепилденет
10.02.2025
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) жеке ассистенттер өздөрүнүн статусун Социалдык фонддо катталгандыгы жөнүндө (Социалдык фондго, анын ичинде ММКга чегерүүлөр жөнүндө) маалымкат менен ырасталган учурда камсыздандырылган жарандар сыяктуу эле шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу экендигин эскертет.
Жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кандай түрлөрү берилет:
- Үй-бүлөлүк медициналык борборлордогу медициналык кызмат көрсөтүүлөр: медициналык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн 12ге чейинки түрлөрүн камтыган базалык медициналык кызматтарды акысыз негизде алышат. Ошондой эле кошумча лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө (анализдердин 42 түрүнө) жеткиликтүү. Дарыгердин кароосунан өткөндөн кийин керектүү изилдөөлөргө жолдомо жазып берет жана алардан өтүү акысыз.
- УЗИ жана рентгенологиялык изилдөөлөргө арзандатуу: ультраүндүү жана рентгенологиялык изилдөөлөргө 50% арзантуу менен алышат.
- Жеңилдетилген дары-дармектерге жеткиликтүүлүк: “Амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген программалар боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын тизмесине” киргизилген дары-дармектерге 50%га чейин арзандатуу менен алышат.
- Пландаштырылган ооруканага жаткыруу: пландаштырылган ооруканага жаткырууда жеке ассистенттер орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөшөт, бул финансылык жүктү кыйла азайтат.
Жогоруда аталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөнкүлөр керектигин эстен чыгарбоо зарыл:
- үй-бүлөлүк дарыгерге катталууну;
- Социалдык фонддон алган маалымкаттын жардамы менен өзүңүздүн статусуңузду ырастоону;
- изилдөөлөргө жана ооруканага жаткырууга жолдомо алууну;
- жеңилдетилген дары-дармектерди сатып алуу үчүн электрондук рецепт алууну.
Ушул пункттардын бири жок болгон учурда камсыздандырылбаган жарандар катары кызмат көрсөтүлөт (прейскурант боюнча же максималдуу деңгээлде кошумча төлөм төлөшөт).
Маалымдама:
Жеке ассистенттердин кызматын алуучулар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ата-энелер, мыйзамдуу өкүлдөрү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң энеси, ата-энеси бир жана эки бир тууган ага-инилери жана эже-сиңдилери, багып алган ата-энелери), ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген атайын программа боюнча окуудан өткөн (65 жаштан улуу эмес, майыптыгы жок, ата-энелеринен жана балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулугу бар адамдардан тышкары) башка адамдар. Окуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
- Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын “башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыгы” же “башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы” жөнүндө корутундусу бар бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (18 жаштан жогору).
Эгерде сизде кошумча суроолор болсо же жардамга муктаж болсоңуз, саламаттык сактоо уюмуңуздун жетекчилигине кайрылыңыз же ММК фондунун 113 шыр байланышына телефон чалыңыз. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.