Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММК фонду эскертет: алдын ала медициналык текшерүү – ден соолукту сактоонун маанилүү чарасы болуп саналат!

10.03.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жарандарды ден соолугуна кам көрүүнү кийинкиге калтырбоого жана алдын ала кароодон өтүүгө чакырат.

Алдын ала дарылоо эң натыйжалуу болгон алгачкы этапта ооруларды аныктоого мүмкүндүк берет. Артериалдык гипертензия (жогорку кан басымы), кант диабети, кургак учук жана онкология сыяктуу көптөгөн оорулар баштапкы этапта симптомсуз болушу мүмкүн.

Кимге үзгүлтүксүз текшерүүлөрү керек?
35–40
жаштан тартыпжыл сайын дарыгерге барып туруу сунушталат, анткени курак жогорулаган сайын ден соолукка байланыштуу тобокелдиктер көбөйөт:

  • жүрөк-кан тамыр оорулары (гипертония, инфаркт, инсульт);
  • кант диабети;
  • жогорку холестерин;
  • семирүү жана боор оорулары.

50 жаштан тартып тобокелдиктер жогорулайт:

  • онкологиялык оорулар (эмчек, жатын моюнчасы, өпкө, ичеги рагы);
  • жүрөк-кан тамыр оорулары (гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу, инфаркт миокард, инсульт);
  • кант диабети (инсулинге карата клеткалардын сезгичтигинин төмөндөшүнөн улам);
  • остеопороз (сөөк массасынын жоголушу, сыныктардын көбөйүү тобокелдиги, өзгөчө аялдарда менопаузадан кийин).

Алдын ала текшерүү эмнелерди камтыйт?
Акысыз: текшерүү, консультация, анын ичинде артериялык басымды өлчөө, лабораториялык изилдөө (камсыздандырылгандар үчүнанализдин 52, камсыздандырылбагандар үчүн – 12 түрү)

50% арзандатуу менен: УЗИ жана рентгенография (көрсөткүчтөрү бар болсо)

Алдын ала текшерүүдөн кантип өтүш керек?
1️
. Үй-бүлөлүк медициналык борбордо үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу.
2️. Камсыздандыруу статусуна ээ болуу же ММК полисин сатып алуу.

3. Изилдөөлөрдөн өтүү үчүн дарыгерден жолдомо алуу.

No tags added.