Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн акысыз медициналык тейлөө

22.04.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду  (ММКФ) 16 жашка чейинки аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле билим берүү мектептеринде окугандар акысыз медициналык тейлөөгө укуктуу экенин эскертет. Бул укук аларда окуу аяктаганга чейин жана 18 жашка чыкканга чейин сакталат.

Жардам алуу укугуңузду кантип ырастаса болот?
Акысыз медициналык жардам алуу үчүн социалдык өнүктүрүү органдарынан аз камсыз болгон үй-бүлө статусу
ырасталган маалымкат көрсөтүү керек.

Кандай кызматтар акысыз көрсөтүлөт?
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору
төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • адистердин текшерүүсүн жана консультацияны;
  • дарылоону дайындоо;
  • Улуттук эмдөө календарынын алкагында эмдөө жүргүзүү;
  • ийне саюу (дарылар жана шприцтер берилбестен);
  • негизги жана кошумча лабораториялык изилдөө (бардыгы 54 түр);
  • Реабилитациялык жана физиотерапиялык процедуралар, күндүзгү кызматтар, УЗИ жана рентгенография үчүн 50% арзандатуу.

Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо:

  • Төмөнкү ооруларга каршы дары-дармектерге 90%га чейин арзандатуу:
    • бронхиалдык астма;
    • параноиддик шизофрения;
    • ар кандай аффективдик бузулуулар;
    • эпилепсия;
    • терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар.
  •  Башка ооруларга каршы дары-дармектерге 50% чейин арзандатуу (дарылардын тизмеси ар бир үй-бүлөлүк дарыгерде бар жана Колдонмодо көрсөтүлгөн)

Жардам алуу үчүн маанилүү шарттар:

  • Үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу (паспорт же ID карта талап кылынат).
  • Дарыгердин текшерүүгө же ооруканага жаткырууга жолдомосунун болушу (өзгөчө кырдаалдардан тышкары).

Ооруканага жаткыруу өзгөчөлүктөрү:

  • Пландуу ооруканага жаткырылганда, бейтаптар жылына эки жолу акысыз дарылана алышат (6 жашка чейинки балдарды кошпогондо). Үчүнчү жана андан кийинки ооруканага жаткыруулар камсыздандырылган жарандар үчүн дарыгердин жолдомосу болгондо гана төлөнөт.
  • Үй-бүлөлүк дарыгедин жолдомосу жок болгон учурда кошумча төлөмдүн максималдуу суммасы алынат.

Шашылыш жардам:
Бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин тез жардам кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Түшүндүрмө жана кошумча маалымат алуу үчүн 113 шыр байланышына кайрылсаңыз болот.

 

No tags added.