ММКФ: Майрам күндөрү шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө
28.04.2025
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) зарыл болгон учурда, камсыздандыруу статусуна жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисине карабастан бардык жарандарга шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөрүн эскертет.
Шашылыш жардам төмөнкүдөй берилет:
- оорулар капыстан катуу кармаганда;
- өнөкөт оорулар күчөгөндо;
- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарда.
Буларды билүү өтө маанилүү:
- Шашылыш медициналык жардам бейтаптын абалы турукташканга чейин акысыз көрсөтүлөт.
- Бейтаптын абалы турукташып, бөлүмдөргө которулгандан кийин андан ары дарылоо үчүн кошумча төлөм талап кылынат.
- Кошумча төлөмдүн өлчөмү камсыздандыруу статусунун же милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин болушуна жараша болот.
ММК полиси жок болсо бейтаптар кошумча төлөмдүн — 8 400 сомдон 14 310 сомго чейинки максималдуу суммасын төлөшөт.
Эгерде бейтаптар камсыздандыруу статусуна же милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине ээ болсо, алар кошумча төлөмдүн орточо деңгээлин төлөшөт:
- шаарлардагы, аймактардагы (ЖДПБ) стационарлар: 840 сомдон 1 090 сомго чейин (бөлүмдүн профилине жараша — терапия же хирургия).
- улуттук борборлордо: 1 160 сомдон 1 510 сомго чейин
Күтүлбөгөн чыгымдарды болтурбоо үчүн, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алдын ала текшерүү сунушталат:
- Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ);
- «Түндүк» порталы аркылуу: https://portal.tunduk.kg;
- ММК фондунун сайтында: www.foms.kg (14 белгиде паспорт ИЖН коду менен);
- ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышы;
- мобилдик тиркеме: ММКФ, Түндүк, MBANK.
ММК полиси жок болсо, аны кантип алууга болот?
Төлөө терминалы:
- Pay24
- QUICKPAY
- Оной
- Айыл Банк, Бакай Банк жана MegaCom терминалдары
- MBANK мобилдик тиркеме.
Өтө маанилүү!
Банкка төлөө учурунда полис таризделип жаткан жарандын (аты-жөнүн, ИЖН) так маалыматын сөзсүз көрсөткүлө.
ММК полисинин наркы:
- Кыргыз Республикасынын жараны үчүн — 12 айга 1 840 сом;
- чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде студенттер үчүн:
- 6 айга 5 955 сом,
- 12 айга 11 910 сом.
Төмөнкүлөрдү карагыла:
Полис таризделген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кийин иштей баштайт!